Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиеваны коркутканы маалым болду. Бул туурасында эл өкүлү Элвира айым өзү маалым кылды. Ал өз сөзүндө Дыйканбаев “Росинбанк” жана “Кыял” мамлекеттик ишканалары тууралуу маселени көтөргөнү үчүн коркутуп жатканын белгилеген.
Бирок президенттин парламенттеги өкүлү Дыйканбаев депутатты коркутпаганын, “жаш депутат этият болушу керек” деп карындашына боор тарткандай айтканын билдирип, Сурабалдиеванын коркутту деп чуу салганына таң калып бүтө албай жатканын айтты. Бирок Дыйканбаевдин мындай өлүмүш болгону суу кеспеген актануу экенин эл өкүлү ачыктады. Ал Дыйканбаев коркутуп, кыйкырып жатканын көргөн күбөлөр бар экенин билдирип, ал түгүл күбө катары Жанар Акаев менен Айсулуу Мамашеванын аттарын атады.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ