Menu

Ташиев Жээнбековдун короосуна таш ыргытты

Бөлүшүү:

“Ата-Журт” партиясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев 22-декабрда камактагы Өмүрбек Текебаевдин туулган күнүн куттуктап ооруканага барды. Ошол жерден жыландын башын кылтыйтты. Бир чети кошомат, бир чети тамаша кылып, “мамлекетти камакка жатып чыккан зектер башкарбасак” болбой калды дегенди айтты. Учурда Ташиевдин бул сөзү ар өңүттө талкууланып жатат. Көпчүлүк Ташиев президент Сооронбай Жээнбековдун колунан эч нерсе келбей калды дегенди ачык эле кыйытты дешип чечмелешти. Ырасында, элден өткөн тараза болбойт. Демек, Ташиевдин бийликке ичи чыкпай жатканы анык экен. Текебаевге кандай максатта айтса да, Жээнбековго карата ишеничи жоголуп, башка саясий арена издеп калганын туюнтту. Сыягы, бир жыл кызмат күтүп, үмүтү акталбай, чыдамы түгөнгөн окшойт.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: