Menu

Кыргызстанда бир жыл ичинде коррупция менен байланышкан 754 кылмыш иши козголгон

Бөлүшүү:

2018-жылы  Кыргызстандын прокуратура органдары тарабынан коррупция багыты боюнча 754 кылмыш иши козглгон. Бул тууралуу бүгүгн маалымат жыйында Башкы Прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү башкармалыгынынын жетекчисинин орун басары Залкарбек Акназаров билдирди.

«Көпчүлүк кылмыш иштери жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлерине карата козголгон, тагыраак айтканда, аталган тармакка карата 96, Мамлекеттик каттоо кызматына карата – 92, билим берүү сиситемасынын кызмткерлерине карата  – 36 жана ички иштер органдарынын кызматкерлерине карата 27 кылмыш иши козгллгон.  Ошондой эле  кылмыш иштери эки сот, бажы кызматынын  жана саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлерине козголгон.

Жетекчинин орун басарынын айтымында, прокуратура органдары жыл ичинде 31 миң мыйзам бузууларды каттаган.

Бул жылы прокуратура органдары мамлекеттик бюджетке  680 миллион сом каражатты зыяндын ордун жабуу катары кайтарып берген.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

24 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: