Menu

Мандатын тапшырган Музаффар эми камалабы?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Музаффар Исаков өз каалоосу менен депутаттык мандатынан баш тарта тургандыгы маалым болду. Эске сала кетсек, ага Башкы прокуратура депутатты “Коррупция” беренеси менен өткөн жылдын башьшда кылмыш ишин козгогон. Ошондон бери депутаттык мандатын тапшырбай, кызматта иштеп келген. Депутат «Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүндө иштеп турган кезинде, 2010-2015-жылдар аралыгында мыйзамсыз 315 токтом чыгарган, аны менен айыл чарба багытындагы 15 гектарга чукул жерди жеке турак жай тургузууга берип жиберген» деп айыпталууда. Текшерүү учурунда адамдар жер тилкелерин 1500-3000 долларга чейин сатып алганын билдиришкен. Ишти быйыл жайында Сузак райондук соту карай баштаган. Башкы прокуратура негизи мындай оор берене менен айыпталгандарды дароо камашы керек эле. Эми камайбы, же кашайып актап салабы? Айтор, ишенип «бовой» калды го.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: