Menu

Түркмөнстан өзүнүн социалдык түйүнүн ачты

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын «Биз бярде» («Биз бул жерде», же кыскартылган варианты «Би-Би») деп аталган алгачкы социалдык түйүнү расмий иштей баштады. Бул тууралуу жергиликтүү «Ориент» сайты жазды.

Маалыматка караганда, тиркеме менен сайттын бетачары 23-декабрда «Түркмөнстан» концерттик залында өттү.

Басылманын билдирүүсүндө тиркемени 5 миңден ашык колдонуучу жүктөп алып, алардын 3 миңден ашыгы аны менен туруктуу колдонуп жатканы жазылган.

Ошол эле маалда Facebook, Twitter, Instagram өңдүү дүйнөдөгү белгилүү түйүндөр түркмөн колдонуучулары үчүн жеткиликсиз бойдон калууда. Жарандар аларга прокси серверлер аркылуу кирүүгө аргасыз. Бирок бийлик мындай жол менен чектөөлөрдү кыйгап өткөн колдонуучулардын интернетин өчүрүп, коопсуздук кызматтарына «маектешүүгө» чакырып келет.

Түркмөнстанда мобилдик интернеттин мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Өлкө дүйнөдөгү интернети эң кымбат жана сапаты эң төмөн мамлекеттердин катарына кирет. Ошол эле маалда өлкөдө көз карандысыз сайттарга, чет өлкөлүк басылмаларга, анын ичинде «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын сайтына, YouTube сервисине бөгөт коюлган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: