Menu

Казакстанда катуу суукта жолдо калган жүргүнчүлөр куткарылды

Бөлүшүү:

Казакстан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Акмоло облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тоңуп жүрбөй калган автобустагы 53 жүргүнчүнү куткарышты.

Казакстандык ММКлардын маалыматы боюнча алардын көбү -өзбекстандыктар.

Маалыматтарга караганда, 25-декабрда «Петропавловск-Сариагаш» трассасында келе жаткан автобус катуу суукка байланышуу жүрбөй калган. Жүргүнчүлөр Акмоло облустук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кайрылышкан. Куткаруучулар окуя болгон жерге келип, жүргүнчүлөрдү Бурабай районундагы мектептердин бирине жеткиришти.

Расмий маалыматтар боюнча жүргүнчүлөр арасында жабыркагандар жок. Аларга ысык тамак жана төшөнчү берилди.

2018-жылы Казакстан трассаларындагы тоңуп калган автобустардан жүздөгөн өзбекстандык жаран куткарылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: