Menu

Таштанды терип жансактайм!

Бөлүшүү:

52 жаштагы бул аялды адеп эки ай мурда көргөнүмдө, ал Ноокат шаардык мэриясынын алдына үйүлгөн таштандыны аңтарып-теңтерип, ичинен оокат жана картон кагазын издеп жүргөн экен. Өзүн “Гүлниса Тажибаевамын” деп тааныштырган айым эми мынтип таптакыр эле жүдөп, өңүнөн да биротоло азып, калаанын Насирдин Исанов атындагы сейил багнда эмнегедир ыйлап отурганда, кабарчылык адатым кармап, капыл-тапыл кепке тарттым.

-Гүлниса айым, эки ай мурдакыга караганда аябай эле арыктап, анан өтө жүдөй түшүпсүңөр. Эмнеге? 

-Ээ тууган, мен өңдөн азбаганда ким арыкиайт? Күн сайын базарларды бутум талыганча түрө кыдырып, сааты чыкканда, курук гана чай ичем. Акыркы мезгилде Кудай ушуну да буюрбай атпайбы?!?

-Эки ай абалы көргөнүмдө толук, анан балпайган аял элеңер?

-Санаа деген аябай жаман тура, тууган. Ошол Ноокат шаарынын алдындагы таштандыны дагы мага ыраа көрүшпөстөн, ал жерден милиция биротоло кууп ийген. Ошондон бери моминтип гана көчө таптап калдым.

– Эмне, үйүңөр жокпу?

– Биргезде Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылында жакшына эле жашачумун. Жанан деген келин мени бал тилине салып жибитип, анан каратып туруп алдап, колумдагы үйүмдүн документтерин банкка күрөөгө койдуртуп, андан ири өлчөмдө акча алган бойдон Орусияга качып кеткен. Анан банк дагы, милиция дагы, Ноокат районунун акимчилиги дагы, Ноокат шаарынын мэриясы дагы бир нече ирет зарлап жазган арызымды таптакыр карабай коюшту. Айлам таптакыр куруганда Бишкектеги Ак үйгө дейре даттанып бардым эле. Үнүмдү угушмак түгүл, өзүмдү чоңдорго дегеле жолотпой коюшпадыбы.

-Тууган-уругуңуз жокпу?

– Атам эки уулун ээрчитип, 1995-жылы сакалчандардын – боевиктердин бал тилине алданып, аларды Тажикстанга ээрчип кеткен бойдон дайынсыз. Андан ары Ооганстанга оошкон деп угам, бирок, аныгын таптакыр билбеймин. Укук коргоо органдарына бир нече ирет арыз менен кайрылдым. Тилекке каршы, эч кандай натыйжа чыккан жок! Булардын күйүтүнө чыдабай апам бечара зарлап жүрүп 2011-жылы рак дартынан улам каза тапты. А өзүм эрге тийип, бала күткөн жокмун. Эми минтип коколой башым менен жалгыз калдым.

– Гүлниса айым, анда неге кайра үйүңүзгө барбай моминтип көчөдө каңгып жүрөсүз?

– Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылындагы үч бөлмөлүү үйүбүздү мага айтышпастан акыры сүздүрүп жок кылышыптыр. Бир ооз айтышпастан, ичиндеги буюм-тейимдеримди, кийим-кечелеримди дагы бүт өрттөп ийишиптир. Барсам деле, каякка жашамак элем? Айласыздан моминтип курсагым тойгон жерде тентип жашап жүрөм, кубатым!

Алишер Токсонбаев

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: