Menu

Жогорку Кеңеште мамлекеттик ММКларды жеке жактарга сатуу сунушталды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-декабрда парламентте мамлекеттик ММКларды жеке жактарга сатуу сунушталды. Бул тууралуу пленардык отурумда депутат Жанар Акаев билдирди.

Жогорку Кеңеште “Пирамида” ТРКсына кошумча 6 миллион сом бөлүп берүү жөнүндө маселе талкууланууда. Эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү аталган сунушту колдогон жок.

Жанар Акаевдин айтымында, “Пирамиданын” бюджетин депутаттар тагдыр чечүүчү маселедей эле карап жатышат. “Бул биздин ишмердүлүгүбүздү чагылдырып жаткан жалгыз канал, биз болсо акча аяп жатабыз”, – деди ал.

“Аянтта жаңы жылдык балаты турат. Анын баасы 10 миллион сомду түзөт. Бирок эки жумадан кийин ал алынат. Бул жерде болсо бир жылга каражат сурап жатышат, а биз нааразыбыз”

Ошондой эле депутат келечекте мамлекеттик массалык маалымат каражаттарын, анын ичинде “Бешинчи канал” менен “Кабар” маалымат агенттигин жеке жактарга сатуу керектигин кошумчалады. Парламентарийдин айтымында, мамлекет начар менеджер экен. Ал эми эгерде бийликке журналисттердин колдоосу керектелсе, аларды башка жерден тартууга болот.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: