Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев “Тумар” бийчилер тобуна сынакка баруу үчүн каржылык жардам көрсөттү

Бөлүшүү:

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев келе жаткан жылдын март айында Америкада өтө турчу America`s Got Talent сынагына катыша турган “Тумар” бий тобуна каржылык колдоо көрсөттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы топтун жетекчиси Эрмек Кадыров жана бийчи Атай Өмүрзаков менен жоолукту. Алар чыгармачыл пландары жана ар кандай сынактардагы катышуулары жөнүндө айтып беришти. Мухаммедкалый Абылгазиев «Тумар» тобу жана Атай Өмүрзаков өзүнүн чеберчилиги менен Кыргызстандын атын чыгарып, башка жарандарга дагы үлгү болуп жаткандыгын айтты.

Маалыматка караганда, премьер-министр бийчилерге сынакка катышуу үчүн 300 миң сом берди.

Эрмек Кадыровдун айтымында, АКШга «Тумар» тобунан үч бийчи жана «Адем» тобунан төрт бийчи барат. Бийчилер аларга Мухаммедкалый Абылгазиев 300 миң сом бөлүп бергендигин тастыкташты.

«Тумар» тобу 2009-жылы ден-соолугу чектелген адамдардан түзүлгөн.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: