Menu

Кыйноо колдонууга айыпталган майор Кыргызстандан Тажикстанга кайтарылды

Бөлүшүү:

Баткенде кармалган Согди облусунун Ички иштер башкармалыгынын мурдагы тергөөчүсү Тажикстанга экстрадицияланды. Кыйноо колдонууга айыпталган милициянын майору Шухрат Шамсиддинов өткөн жылдан бери Кыргызстан аймагында жашырынып жүргөн.

“Эркин Европа” радиосунун тажик кызматынын өз булагы: “Майор Шамсиддинов жакында Хожентке жеткирилди. Учурда ал №2 тергөө абагында отурат”, деди. Мурдагы тергөөчү атайлап из жашырганы үчүн жазаланышы ыктымал.

Шухрат Шамсиддинов Тажикстандын “Ислам кайра жаралуу партиясынын” мурдагы мүчөсү Комил Хожаназаровго карата кыйноо колдонууга айыпталган. Диний партиянын мурагы мүчөсү кезектеги суракка бир күн калганда өз жанын кыйган.

Бул боюнча Согди облустук ички иштер башкармалыгынын эки тергөөчүсүнө жана Тажикстан УКМКсынын Ашт райондук бөлүмүнүн кызматкерине кылмыш иши козголгон. Жайында тергөөчүлөрдүн бири Латифжон Юлдошев 13 жылга, атайын кызматтын өкүлү Мухаммад Наимов 12 жылга эркинен ажыратылган. Хожент гарнизонунун аскер соту 19-июлда аларды кыйноо колдонуу, мыйзамсыз кармоо же камакта тутуу, жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлоо боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Кылмыш ишинин үчүнчү фигуранты – Согди облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери Шухрат Шамсиддиновго издөө жарыяланган. Милициянын майору Комил Хожаназаровдун өз жанын кыйганын жана кылмыш иши козголгонун угуп, Тажикстандан качып кеткен.

31 жаштагы Комил Хожаназаров былтыр жайында өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын 15 мүчөсү менен чогуу кармалып, сурактан кийин кайра бошотулган. Бирок 28-августта Согди облустук ички иштер башкармалыгындагы экинчи жолку суракка бир күн калганда өз жанын кыйган.

Өлүм алдында жаздырып калтырып кеткен видеокайрылууда милиция кызматкерлери аны кыйноого алып, акча бергенден кийин гана бошотконун айткан.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: