Menu

Каныбек Осмоналиев, экс-депутат, профессор: “Кол тийбестик – коомго жат көрүнүш. Мыйзам алдында бардыгы бирдей! “

Бөлүшүү:

Гезитибиз тарабынан “Жылдын мыкты акыйкатчыл инсаны” наамы менен сыйланган коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев менен өлкөдөгү соңку саясий кырдаалдын тегерегинде пикир алыштык.

– Каныбек агай, президенттин Өмүрбек Текебаевди туулган күнү менен телефон чалып куттуктаганы адмгерчиликпи же улуттук лидерге 6олгон сыйыбы?

– Бул жерде эки сапат тең эске алынды десек болчудай. Өмүрбек Текебаев жаңы Кыргызстандын саясий тарыхындагы кайталангыс феномен. Аны элдешкис душмандары дагы туюп-билип турушат. Кечээги анын 60 жылдык юбилейи буга ачык күбө болду. Бардыгы жапа-тырмак куттуктап жатып калышты го. Бул көрүнүш бүгүн өлкөнүн саясий айдыңында абал кескин өзгөргөнүнөн кабар берип турат. Текебаев түрмөдөн өзүн татыктуу кармай алды. “Каршылаштарын жеңди”- деп эле айтуу керек. Президент дагы эрдик кылды. Өзү куттуктады. Эми анын Текебаевдин иши боюнча жаңы жагдайларды эске алуу вазийпасын туюндуруу ишин билдирип койсо эле жакшы болмок. Бул президенттин сот жана тергөө иштерине киришкендиги деле болуп эсептелбейт!

– Камакта жаткан мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун “УКМК менен сотторду президенттик аппарат көзөмөлдөп жатат”- дегени эмнеден кабар берет?

– Ар бир иште адилеттик болуусу керек. Сапар Исаков убагында башкалар ак жерден күйүп жатышканда бир да жолу үн каткан эмес. Демек, ошол кездеги абийирсиз сот, тергөө иштерин колдогон. Азыр ошол эле абал өзүнүн моюнуна илинип турат. Келме кезек деген ушул! Бул таба эмес, тообочулук! Эгерде, Исаковдун кылмыш иши адилетсиз козголгон болсо – бул туура эмес. Адам бейкүнөө азап тартпашы керек. Жөнөкөй эл Исаковдун күнөөсүнүн себебин чынында билбейт. Бул тергөөнүн жашыруун сырлары да! Ошол үчүн ар кандай лозунгдарга алагды болбой, ал киши адвокатары менен мыйзамдуу коргонуу аракеттерин көрүүсү зарыл, Ак болсо, азыр эч бир сот жөн эле аны кесип жибере албайт!

– Каныбек агай, президенттин журналисттердин суроолоруна берген жооптору ынанымдуу эле болдубу? 

-Президенттин пресс-конференциясы жандуу өтүп жатканы менен чыныгы көйгөйлүү маселелери боюнча маанилүү суроолор берилген жок! Бардык суроолор локалдык эле форматта болуп калды. Дифирамбалар өтө эле көп айтылды. Бул кылыктар президентке кереги жок эле. Өзү деле каймана билдирип жатпадыбы! Иш-чараны ачык өткөрүлдү деген гана отчеттук материалдар алынды.

-Президент басма сөз жыйынында эмнегедир Райымбек Матраимовго жан тарткандай таасир калтырды дегендер четтен чыга баштады. “Анын байпыгы текшерилет”дегенди кандай түшүндүңүз?

-Райымбек Матраимов жаңы Кыргызстан тарыхында өзгөчө бир феноменалдуу адам болду, го! Бул бүгүнкү коомубуздун символу катары сезилип турат. Эми түшүнүктүү болуп эле турбайбы. Бул жигит бийлик менен тил табышуу жагынан эч бир жан тең келе албаган уникум экендиги. Ошондуктан президенттин эми аны дагы текшертебиз дегени көп суроону кайра жаратты. Эмне, ага дагы жаңы иш козголду беле? Качан текшеришет? Ким текшерет жана эмне үчүн? Быйылбы, келерки жылыбы же 5 жылдан кийинби? Белгисиз! Убакыт азыр Матраимовдун пайдасына иштеп жатат.

Президент Райым Матраимов жөнүндө Чыгыш философиясынын чыныгы касиети болгон көп сырдуу түшүнүктөр менен эле жооп берип койду. Ал билдиргендей болду го, “Матраимовдор КСДПга чын ыкласы менен кызмат кылып келишти”- дегендей кылып. Демек, анын салымы чоң жана бардыгы үчүн баалуу дегендей эле түшүндүм, мен!

-Кол тийбестик боюнча күтүлген эле жоопту бердиби же эл күтпөгөн жооп айттыбы?

-Ооба, күтүлгөн эле жооп болду. Анткени, бул мыйзам долбоору кандай кырдаалда, ким тарабынан жана кимдердин каалоосу менен демилгеленгенин билебиз да! Абсолюттук кол тийбестикти Конституцияга киргизип алып бүт дүйнөгө (Африканын кээ бир өлкөлөрүнөн башкаларына) шерменде болуп келгенбиз. Бирок, бул мыйзамдын айланасындагы аракеттер дагы айлакерлик менен жасала турган бюрократиянын жеми болот. Акырындап барып токтоп калат! Байкап туралы!

-Кытайдагы кыргыздар тууралуу суроого 6ерген жообуна канааттандыңызбы?

-Президенттин бул жообу абдан так жана акылдуу болду. Таң берип олтурам. Дипломатиянын баалуу жана чебер касиеттерин сактай билиш керектигин баса белгиледи. Менин оюмча, Кытай менен Кыргызстандын лидерлери эч кандай авантюралык жана чагымчылдык пикирлерге азгырылышпай акыл менен эле чечип коюшат, мындай өтө назик маселени!

-Ажо “КСДП Атамбаевсиз деген кыймылга эч кандай тиешем жок”- деген сөздү чын дилинен айттыбы?

-Жөнөкөй жаран үчүн КСДП Кудайдын эле ролун аткарып калган. Анткени, акыркы 8 жылда алар бийликтин бардык бутактарын мыкчып кармап, каалагандай бийлеп келишкен. Бүгүнкү КСДП партиясынын ичиндеги өтө терең кризиске өзүлөрү эле күнөлүү. Сырттан шылтоо издебей эле коюшсун! Эки лидердин бири-бирине күнөөнү оодарышы бери караганда эле элдин жана шайлоочуларынын алдындагы жоопкерсиздик деп билем!

-Сооронбай Шарипович президенттик мөөнөтү бүтсө, депутат да болбосун айтты. Ишенсек болобу?

-Туура айтты. Конституциянын талабы ошондой. Аны эч ким буза албайт. Акыйкат жана таза иштесе эл төбөсүнө көтөрүп алат. Бул касиет кыргыз элинин кылымдарды карытып келе жаткан ак пейили болуп эсептелет.

-Парламентте экс-президенттин кол тийбестигинен ажыратуу маселеси копдоо тапты. Эми аталган мыйзам кызматтан кеткен президентти каралап, куугунтукка алып, мурдагы иштери үчүн өч алууга кызмат кылып калбайбы?

-Мен өзү табиятыман эле кандайдыр бир адамдардын жалпы эле артыкчылыктарга ээ болуу саясатына каршымын. Бирок, өтө жооптуу кызматтарды аркалаган мамлекеттик ишмерлердин коопсуздугун камсыз кылуу милдетин өкмөт өзүнө алуусу керек. Эч кандай материалдык өзгөчөлүктөрдүн кереги жок. Демек, кол тийбестик дегенди коомго жат чара катары көрүү керек. Мыйзам алдында бардыгы бирдей. Менимче президент өзүнүн доорун сүрүп турганда ушул нерсени дайыма ойлоно жүрүшү абзел. Кечээ ЖК туура эле чечим кабыл алды. Одоно мыйзам бузуу болсо, жооп берсин. Куугунтук болушу мүмкүн. Бирок, эл бардыгын көрүп турат. Таза президент өзүн дайыма коргоп алат.

-Президент уяткарганча эле Транспорт министри моралдык жоопкерчилигин сезип, убактылуу болсо да кызматынан чегинип турса болот беле? Неге биздин чиновниктер жоопкерчиликти сезишпейт?

-Ооба! Бул «Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» мыйзамда да жазылган. Министр жоопкерчиликти өзү алуусу тийиш! Мен жакшы түшүнбөй калдым. Эмне үчүн министр Коопсуздук Кеңешинин отурумуна уялбай барып отуруп алган? Бул эмне тоготпогондукпу, эркелегендикпи же биротоло эле көпкөндүкпү? Кечээ эле ЖКте катуу дооматтар айтылбады беле! Дароо жумуштан кетүү боюнча арыз жазуусу керек эле! Анан соттон териштирсе болмок. Мындай учурлар болгон. Мисалы, 2012-жылы Өмүрбек Бабанов биринчи вице-премьерлик кызматынан кетип, баары ачык акталгандан кийин келген. Эл туура түшүнүп колдогон. Азыркы министрлер эч нерсени тоготпой калышпадыбы! Президент токтоолук кылып, чыдап жүрүп, акыры, Кеңештин жыйынынан кууп чыкты. Демек, өлкө башчысын дагы ыңгайсыз абалга калтырды, өкмөт башчысы. Мындай кырдаал өзү жаралбашы керек эле. Президент коррупцияга каршы күрөштү күчөткөн сайын, анын министрлери кутура баштагандай таасир калтырат экен. Өкмөт өзү отставкага кетүүсү керек! Мындай жарым чара менен иш болбойт! Таза, иштеген, карапайым жүргөн жана иштерман кадрлар толтура жүрүшөт.

– Атамбаев неге кечээ сындап, кылмыш ишин өзү козготгон Бабановго бүгүн жан тарта баштады?

– Бул Атамбаевдин адаттагы айлакерлик амалы болду. Өмүрбек Бабанов эми ал киши менен мамиле кылбайт! Андай мүмкүн эмес!!! Атамбаев ошондой эле амалды Адахан Мадумаровго дагы жылдырып көрдү. Бирок, Адахан мырза дароо эле анын сунушунан баш тарткан оюн ачык жана кескин айтып салды. Менимче Атамбаев президент Жээнбеков менен Бабановдун саясий биригишүүсү болуп кетээринен коркуп кетти. Кийинки учурларда Өмүрбек Бабанов жөнүндөгү оң пикирлер көбөйүп бара жатканы факт. Өзү ошондой эле болуу керек эле. Өмүрбек мырзанын үстүнөн жалган кылмыш ишин дал ошол Атамбаев президент кезинде козготкон. Кандай гана ыплас сөздөрду айтып, булганыч амалдарды колдонушпады. Ошол эле Исаковдун премьер-министр кезиндеги, 2017-жылдын күзүндө, президенттик шайлоонун алдында Чолпон-Ата шаарында элдер менен жолугушуудагы Бабановду каралап, Москвадан алынып келе жаткан ири суммадагы акчалар жөнүндөгү жалгандары эмне деген абийирсиздиктер эле. Эл мындай зомбулуктарды унута элек да. Дагы көптөгөн мыйзам бузуулары айтылат. Бабанов баарына чыдады. Акыры өмүрүнө коркунуч кире баштаганда өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду. Эми Өмүрбек мырза Кыргызстанга келип, өзүн актап алат. Мен буга ишенем. Президент Сооронбай Жээнбеков бул оор маселе боюнча өзүн абдан тыкан алып жүрдү. Бул жакшы жышаан! Экөөнүн саясий альянсынан Кыргызстан гана утат. Атамбаев жана кээ бир саясатчы болумуштар ошого ичтери күйүп кетип жатышат. Ар кандай кадамдарга барышы мүмкүн!-

-Айтканыңызга ынанапы, Атамбаев менен Бабанов тымызын биригип кетпейт деп ишенсек болобу?

-Андай ишке барууга эч кандай негиз жок. Өмүрбек Бабанов менен Сооронбай Жээнбеков шайлоо алдында эң башкы атаандаштарга мүнөздүү болгон бир топ аракеттер менен бири- бирин сындашты. Дебаттарда курч пикирлерди жашырбай айтышты. Бул кадамдар президенттик шайлоонун белгилүү кубулуштары. Бүт дүйнө жүзүндө ушундай. Экөөнүн тандем түзүп экономиканы көтөрүп кетүү мүмкүнчүлүгү абдан чоң. Бул элге керек! Колунан эч жаратмандык иш, элге пайдалуу ишкерлик келбеген кээ бир саясатчылар, айрыкча, эптеп бийликке жакындап алгандар коркуп жатышат. Ошондуктан алар, ошол эле Атамбаев баш болуп эки көрүнүктүү инсандарды кайраштыруунун амалына өтүп алышты. Элди аралап жүрөбүз, го! Азыр карапайым эл Жээнбеков менен Бабановдун чогуу иштеп кетишин өтө каалап жатышат. Трансулуттук бизнес саясаты кандай керек экендигин сезип турушат. Карыз кредит алып жүрүп эмне болдук? Аны мурунку президенттер карайлатып карапайым элдин мойнуна илип кетишпедиби?

Маектешкен: Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: