Жалал-Абад облусунун мурунку ички иштер башкармалыгынын башчысы, полковник Акылбек Мамасеитов деген эргул бар. Жакында эле 21 жаштагы уулу акча талап кылуу жана адам уурдоо беренеси менен ордо калаанын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан дагы эки досу болуп камакка алынган. 25-декабрь күнү Свердлов райондук соту аларды үй камагына чыгарганы анык болду. Эмнеге ушундай оор статья менен кармалган балдар үй камагына чыгарылды? Полковник Мамасеитовдун уулунун демилгеси менен адам уурдоо боюнча шугулданган берки досторунун дагы бирөөсү издөөгө алынганы тууралуу маалымат тарады. Дагы бир кылмышка шектүү кармалбай жатса, бул жерде эмне мандем бар? Акылбек Мамасеитов баласын куткаруу үчүн сотту сатып алганы ырасталабы? Анысы дал ушундай уюшкан кылмыштуулукка кириптер болуп атса, атасы Мамасеитов элге кантип үлгү көрсөтөт? «Биринчи өз балаңды тарбиялап, анан акыл үйрөт» деп чекеден эле чыгышат да, туурабы? Эмнеси болсо да, биздин редакция өз алдынча журналисттик иликтөөнү баштады.
Автор: Сурат Жылкычиев
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ