Menu

Чыныбай Турсунбеков, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Аферисттер “караларды” погончондорду алып келишип…”

Бөлүшүү:

– Чыныбай мырза, К.Мамбетова, Р.Абдраманова аттуу эки жаран басма сөз жыйынын өткөрүп, сиздин «Акун» фирмаңыз алардын мүлкүн тартып алганын билдиришти. Бул боюнча сиз эмне айтаар элеңиз?

– Бул мындан он жыл мурда башталган иш. Бүгүнкү күнгө чейин соттошушуп келатса, бул эмнени көрсөтүп турат? Мен бир нерсени билем да, учурунда «караларды», анын артынан погончондорду, артынан партиялаштарды, бийликтин эң жогорку чегиндеги адамдардын туугандарын – баарын катуу иштетип, он жылдын ичинде бир тыйын төлөбөй, анан дагы ушундай доомат артканы бети жоктук да. Сөз жок!

– Анда булар өздөрү эле чыга калган жок дейсизби?

– Бар артында бирөөлөр. Эртең ошону шылтоолоп, дагы бети жоктук кылышпасын. Ошон үчүн тереңдетип айтпай эле коёюн.

– Деги ошондой фактылар болду беле? Мисалы, Абдраманова «300 миң долларлык мүлкүмдү тартып алган» дейт.

– Мыйзам деген бар да. Өзүңүз деле ойлоп көрсөңүз, товар алгандан кийин киши төлөйт да. Ширеңке алсаң деле акчасын төлөйсүң. Өздөрү айтып атышпайбы, 700 тонна ун (13 млн. сомдук) алып атат. Болгондо дагы эң мыкты унду. Анан бир тыйын төлөбөй, бекер эле кутулуп кеткиси келип, мага «караларды», погончондорду алып келишип, анан башкаларды… Иши кылып, кимдерди гана алып келишпеди! Анан аягында өтө чоң адамдардын жакындарын алып келип атса… Анан өзүңүз деле түшүнө бериңиз да булардын кандай адамдар экенин. Он жыл! Он жыл оңой эмес да. Ишканада 400 акционер бар. Алар кредит алып оокат кылышат. Мыйзамдуу иштеген фирманын көбү кредит алып оокат кылат. Кредиттердин проценттери да аз эмес Кыргызстанда. Он жылдан бери кредиттерин төлөп, проблемалардын баарын чечип, анан дагы он жылдап соттошуп жүрсө, андай фирмаларга баатырдыкты бериш керек. Аферисттерге ишенип кереги жок да. Керек болсо баарынын документтери бар.

Маектешкен: Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: