Дээрлик үч жылга жакын убакыттан бери адилетсиз жагдайда жазасын өтөп жаткан камактагы саясый туткун Бекболот Талгарбековго байланышкан иш Жогорку соттон карала элек.
Атамбаевдин доорунда райондук, шаардык инстанциялардан 14 жылдык оор жаза алса да жогорку инстанцияга кайрылган эмес. Баягы эле «ажыдаарлар» ишти көзөмөлдөп отурушса, Жогорку соттон деле ошол «сюрпризди» алмак да, туурабы? Ал ортодо бийлик алмашса да экс-министр сабырдуулук кылып, эмоцияга алдырбай жогорку инсганцияга кайрылбай келген. Соңку маалыматтарга караганда, жаңырган жылдан соң камактагы каарманыбызга байланышкан иш Жогорку сотто каралары белгилүү болду. Ушул күндөрү өлкөбүздүн буга чейинки экс-министрлери менен депутаттары, мурдагы өкмөт башчылар менен спикерлер, окумуштуу чөйрөнүн өкүлдөрү, ага удаа бир катар коомдук, саясый ишмерлерден турган саясый элитанын өкүлдөрү (баш-аягы жүзгө чукул) Талгарбековдун адилетсиз жагдайда отурганын бир ооздон баса белгилешип, кыргыз бийлиги менен эл аралык коомчулукка кайрылуу жолдошоору сөз болууда. Көрсө, адилеттүүлүк болбосо, аттуу-баштуулар да чыдап тура алышпайт тура. Көчөдөгү жолбун иттен башкалары Бекболот мырзанын ак жеринен оор жаза алып калганын бир ооздон кашкайта баса белгилеп жатышса, бүгүнкүлөрдүн коомдук пикирге маани бербей жатышы эмнеси? Элдин пикири менен эсептешишпесе, абал жакшы болбойт го.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ