Menu

Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев Алмазбек Атамбаев менен “Апрель” телеканалын 18 миллион сомго сотко беришти

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибеков, ошондой эле Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана ал негиздеген «Апрель» телеканалын сотко беришти. Бул тууралуу жарандык активист Адил Турдукулов  билдирип, бул маалыматты КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева тастыктады.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин атына эч кандай билдирүү түшкөн эмес. Бул жөнүндө алар «Апрель» телеканалына келген билдирүүдөн билишкен.

Саясатчылардын ар бири материалдык зыян келтиргендиги үчүн 6 миллион сомдон талап кылууда (ар бир жооп берүүчүдөн 3 миллион сомдон), жалпысы 18 миллион сом. Доо арыздын негизги себеби Алмазбек Атамбаевдин «Апрель» телеканалына берген маеги болгон, анда экс-президент аталган саясатчылардын ысымдарын да атаган.

Маектин жүрүшүндө Алмазбек Атамбаев Ахматбек Келдибековдун коррупциялык иштерге тиешеси бар деп билдирген.

«Адамдарды сокур кылгылары келишет. Ак эмгек менен табылган акча менен уурдалган акчалардын ортосунда эч кандай айрыма жок экендигин көрсөткүлөрү келет. Баягы эле Келдибековдор, Түлеевдер мамлекеттик кызматта отуруп мультимиллионер болгондугун, «Атамбаевди камаш керек!» – деп кыйкырып эле жатышпайбы… Кимди камаш керек? мамлекеттин акчасын уурдап байыгандардыбы, же ак эмгеги менен акча таап ата-бабаларынын жеринде үй салгандардыбы? Учурдагы бийлик, карап турсам уурулар жана жалганчылар менен жакшы тил табышып алыптыр. Жада калса, аларды колдоп турат, бул нерсе болсо таң калдырат…» – Алмазбек Атамбаевдин маегинен.

Ошондой эле мурунку өлкө башчы эгерде өлкөдө башаламандык жаралса, Азимбек Бекназаров менен Кеңешбек Дүйшөбаев пайда көрөрүн айткан.

«Кудай сактасын, албетте, бирок эгерде өлкөдө Аксыда, март революциясы же апрель коогалаңы сыяктуу жаман иш болуп, кан төгүлсө, аларга эмес, элге эле жаман болот. Азимбектер менен Дүйшөбаевдер эле пайда көрүп, акча табышат. Жээнбеков мени душман кылып, куугунтуктаганынан Кыргызстанга эмне пайда болот?  Коомдогу биримдик жоголуп, ар кандай күчтөр элди бөлүп баштайт. Бул жырткычтар үчүн ал майрам болот. Анткени алардын бир эле максаты бар: бир нерсе боло калса эле пайда көрмөй. Тилекке каршы, Сооронбай Жээнбеков дагы аларды ээрчиди. Бул, албетте, жетишкендик эмес. Бул тынчтыкта жашап жаткан Кыргызстанды каякка алып келет? Жөн жерден чыр чатак чыгарууда эч жакшылык жок. Биздин эң башкы жетишкендигибиз жана байлыгыбыз – Кыргызстандын тынчтыкка келгендигинде экенин баардыгыбыз билебиз. Бул нерсени сактап калуу үчүн баардык аракеттерибизди жумшашыбыз керек,» – А. Атамбаевдин маегинен.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: