Menu

Жолборс Жоробеков, саясый илимдердин доктору, профессор: “Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу 2020-жылдан да ары жылып кетиши ыктымал”

Бөлүшүү:

– Жолборс агай, жыл соңунда артка кылчайып, «өтүп бараткан жыл кандай жыл болду?» деп эске салмай бар. Эски жылга кандай мүнөздөмө бересиз?

– Жыл жыйынтыгында кандай жылыштар болгонун мен пайыз же сандар менен айта албайм, экономист эмесмин. Бирок, саясый жагынан өз оюм сөзсүз бар. Жыл өтө саясатташкан, ошол эле учурда кызыктуу болду. Ошого карабай, туруктуулук сакталды. Президенттин «региондорду өнүктүрүү» саамалыгы менен бир топ иштер жасалды. Антсе да, биздин эл башкаларга салыштырып көнүп калганбыз. «Кошуна Өзбекстандын президенти Мирзиёев бир жылда мындай иштерди жасады» деп санап жатабыз. Биздеги саясый абал Өзбекстандагыдан башкача болгонун эске алуу зарыл. Мирзиёев деле алгачкы жылында бир топ кыйынчылыктарга тушуккан. Себеби, Каримовдун адамдары, кадрлары иштегенге тоскоолдук жаратты. Бизде да мурдагы президент Атамбаевдин «үйдө жатып алып башкарам» деген напсиси бир топко чейин кыйчалыш учурларды жаратты. Бирок, президент туруктуулукту сактап, стратегиялык багытгы көргөзө алды.

– Мурдагы бийликтен бир топ тармактарда көйгөйлөр арткан. Ошолорду жаңы бийлик кандай чечип жатат, же азырынча чечиле элекпи?

– Экс-президенттен өтө көп көйгөйлүү проблемалар калды. Аларды азыркы бийлик аткарууга аракет кылып жатат. Көч бара-бара түзөлөт. Өлкө үчүн бир топ иштерди жасай аларына ишенем. Атамбаев көйгөйлөрдү калтырып кеткени аз келгенсип, бийликтен кеткенден кийин да саясатка аралашып туруп алды. Анысынын кесепети бийликтин ишине тоскоол гана болбой, эл-журтка да, өзүнүн саясый аброюна  да кедергисин тийгизди. Бийликти өткөргөндөн кийин саясатка киришпей, гитарасын ойноп эле оолак болгондо, аброю да төгүлмөк эмес. Мындан ары анын күндөн-күнгө аброю түшүп отурат. Кандай болорун элестете да албайм.

– Конституцияны өзгөртүү зарылдыгы тууралуу да пикирлер айтылып жатат. Бирок, президент «Конституция өзгөрбөйт» деп өзүнүн позициясын так айтты. Бул боюнча көз карашыңыз кандай?

– Президентгин позициясын колдойм. «Биз 2020-жылга чейин Башмыйзамды өзгөртүүгө мораторий киргизгенбиз, ошого карабай, 2016-жылы өзгөртүп жибердик, андан башка да ишибиз көп, келгиле, ошолорду жасайлы» деди президент Жээнбеков. Бул эң туура сөз болду. Буга улай бир нерсени айтып кетейин, Конституциянын жаңы редакциясын иштеп чыгуу, кабыл алуу 2020-жылдан да ары жылып кетиши ыктымал. Ошондуктан, балким президент өзүнүн алдында же улуттук кеңешпи, айтор, азыртан конституциялык кеңеиши түзүп коюшу керектир. Ал кеңеш бир жыл иштейби, андан ашык иштейби, акырында талкууланган, бышкан Конституцияны кабыл алышыбыз керек. Ошондо биз мораторийдин шарттарын да туура аткарган болобуз. Анан да Контитуциядан кийин Шайлоо кодексин дагы баштан-аяк өзгөртүүбүз керек.

– Атамбаевдин бийлиги учурунда бир топ саясатчылар саясый куугун-тукка алынып, камалыпггы. Аларды бошотуу ишин жаңы бийлик аткара элек. Бул жаатта президент эмне себептен иш алып барган жок деп ойлойсуз?

– Президент сотторго буйрук берип, «саясый куугунтуктарды бошоткула» дебегени укуктук жактан туура болду. Ал киши «укуктук талаада чечилсин» деп жатат. Бирок, саясый туткундарды ырайым менен бошотуу практикасы дүйнөдө бар нерсе. Бул президенттин укугундагы иш. Кошуна өлкөлөрдүн президенттери өздөрү ырайым кылуу чечимин кабыл алышып, бир топ камактагыларды бошотушту. Жаңы жыл алдында биздин президент да бул кадамга барат деген ишеним бар. Мындай кадамга барса, президенттин өзүнө дагы жакшы.

Учурда президенттин Текебаевди камактан чыгаруусу тууралуу бүйүрдү кызыткан сөздөр жүрүүдө. Бул кишини кандай жол менен камаганын мурдагы президент Атамбаев деле мойнуна алды. Демек, жаңы жагдайларга карата Текебаевдин маселеси чечилиши керек. Текебаевдин кыргыз мамлекеттүүлүгүнө кошкон салымы ат көтөргүс. Легендарлуу саясатчыга айланды. 60ка толуп, тою республикалык деңгээлдеги иш-чара болуп өттү. Бул да болсо Текебаевдин саясаттагы, коомдогу аброю жогору экендигинен кабар берди. Туулган күнү менен президент Жээнбеков баш болуп куттуктаганы өзүнчө резонанс жаратты. Текебаев сыйга гана татыктуу.

– Шайлоо алдында популисттик кадамдар болуусу адатка айланган. Келерки жылдагы шайлоо өкмөттүн 2019-жылдагы иш-аракеттери менен байланыштуу болушу мүмкүнбү?

– Биз ушуга үйрөнүшүбүз керек. Шайлоо өз жолу менен, өкмөт өз ишин кылышы керек. Өкмөт жакшы иштей албай жатат. Энергия аз. Кыргызстан айрыкча санарип жагынан артта калды. Кошуна Казакстанда санариптешип, алдыга жылыш болуп жатат. Мындай иш өкмөггүн демдүү иштеши менен жөнгө салынат. Өкмөттүн ишине ийгилик гана каалайм!

Маектешкен: Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: