Menu

Коррупция желаргысы. Парламент унчукпайт…

Бөлүшүү:

Быйыл жайында бир катар ЖМКлар адистердин пикирине таянып, түндүк-түштүк альтернативалык жолун курууда артыкбаш чыгымдарга жол берилип жатканын, мисалы, биздин өзүбүздүн кыргызстандык жол куруучулар 44-45 доллардан сатып алчу цемент аралашмасын долбоорду ишке ашырып жаткан «Сhina Road and Bridge Co» компаниясы 280 доллардан сатып алып жатканын (айырмасы 6 эсе), 20 сантиметрлик калыңдыктагы шагыл-кум аралашмасын төшөөгө биздин компаниялар 10 доллардан коротсо, тигилер 43 доллардан коротконун, карьерден алынган материалдарды жолго төгүү иштерин биздин компаниялар 2,2
доллардан жасашса, тигилер 8 доллардан жасагандарын, жалпы жонунан, ар бир пункт боюнча баалар эң эле кеминде 30 пайыздан жогорулатылганын жазып чыгышкан. Башка жолдорго салыштырмалуу альтернативалык жолду курууга каражат эки эсе көп сарпталып жатканын депутат Канатбек Исаев да билдирди.

Бул маселе Жогорку Кеңештин башка депутаттарын да кызыктырып, атүгүл жолго кеткен чыгымдарды иликтөө боюнча Кубанычбек Жумалиев жетектеген депутаттык топ да түзүлгөн. Бирок, көп өтпөй эле депутаттар жайкы эс алууга тарап кетишти. Коомчулук «бул маселе эми күзүндө, алар каникулдан кайра келген соң каралат го?» деп үмүт кылышкан. Бирок, күз өтүп, мына жыл жаңырганы турат. Ал эми парламент болсо дале оозуна талкан салгансып унчукпайт.

Албетте, биз «ЖМКларга жарыяланган маалыматтар жүз пайыз чындык, түндүк-түштүк альтернативалык жолун курууда артыкбаш чыгымдарга жол берилип жатат»деп так кесе айткандан алыспыз. Бирок, жок дегенде парламент, анын ичинде транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети маселени иликтеп, «ЖМКлардагы маалымат жалган», же «чын» деп өз тыянагын берүүгө тийиш го?

Автор: Урмат Желдеңов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: