Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши 26-декабрдагы жыйынында орусиялык жеке жана юридикалык жактарга каршы кошумча санкцияларды киргизүү чечимин кабыл алды.
Кеңештин билдирүүсүндө белгиленгендей, чектөөлөр «Украинага каршы агрессиялык аракеттерди колдогон жана көмөктөшкөн орусиялык компанияларга, ишкерлерге, саясатчыларга жана күч түзүм кызматкерлерине» карата киргизилет. Кеңейтилген жаңы тизме жакынкы күндөрү жарыяланат деп күтүлүүдө.
Украинанын Убактылуу оккупацияланган аймактар боюнча министрлигинин маалыматына караганда, жаңы санкциялар оккупацияланган аймактардагы Орусиянын заводдорунун ишмердүүлүгүн камсыздып жаткан ишканалар менен Керч көпүрөсүнүн курулушуна көмөктөшкөн ишкерлерге киргизилет.
25-декабрда Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Украинанын 567 жеке жана 75 юридикалык жактарына карата атайын экономикалык чектөө чараларын киргизүү тууралуу токтомго кол койгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ