Menu

Кара-Балта мэрлиги талашта, Шабдановдун ордуна чуулгандуу Алиев келеби?

Бөлүшүү:

Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабдановдун токтоп турган эски кылмыш иштери жанданып, ана-мына кызматтан кеткени турат. 2011-жылдан бери Кара-Балтанын кетпес ханына айланган Шабдановдун көчүгү ээрден кыйшая баштаганы бул орунга көзүн кызарткан адамдар көбөйгөнүн кулагыбыз чалды.

Алардын сап башында Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Алиев көтөрчүсүн көтөрүп алып, Акүй менен Көкүйдүн эшигин тешип атканы ыраспы? Кылмыш иштери жанданып кетип жаткан Шабдановдун ордуна келчү Алмаз Алиев ким болду экен? Кызыгып көрдүк. Адегенде эле Токмок шаарында прокуратурада иштеп жүрүп, пара менен кармалганы, кийин атасынын бир тууганы Чүйдүн экс-губернатору Кубаныч Сыйдановдун аркасы менен жоопкерчиликтен качып кутулганы интернет булактарында кенен жазылыптыр. 2012-жылы болсо Чүй облусунун уюшкан кылмыштуулук менен күрөшкөн кызматкерлери спикерге, коргоо кеңешине кат жолдошуп, криминал менен камыр-жумур болуп кеткен прокуратура кызматкери Алмаз Жусуповдон коргоп калууну өтүнүшкөн. «Ооба, Алмаз Жусуповдон, анткени, Алмаз Алиевдин фамилиясы мурда Жусупов Алмаз Алиевич эле» дешет. Пара менен кармалып, суудан кургак чыккан, уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшкөн кызматкерлердин арыздануусу сыяктуу ызы-чуулардан кийин фамилиясын алмаштырып, баягы Жусупов эмес Алиев Алмаз Алиевич болуп чыга келет. Икрамдын жана коррупциялык иштерге шектүү «Ихлас» компаниясынын партиясы «Мекеним Кыргызстан» аркылуу депутат, анан төрага болот. Бул партия кандай экенин, шайлоону кантип жеңерин атпай жамы журт билет эмеспи. Карабалталыктар «аңгектен качсак дөңгөккө» дегендей, Шабдановдон араң кутулганы жатсак, эми өтмүшү чатак Алиев мэр болуп кууратпаса экен» деп кабатыр. Өкмөт аке карабалталыктардын пикирин угуп, чечимин чыгарар. Ал эми Алмаз мырза өтмүшү тууралуу эмне дейт болду экен? Кеп кезеги сизде.

Мээр Чакпасова

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: