Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Музаффар Исаков 12 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга камалышы мүмкүн. Бул тууралуу Башкы Прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Сузак райондук сотунда депутатка карата козголгон кылмыш ишин кароо уланууда.
«Сот тараптардын жарыш сөзүн угууга өттү. Айыптоочу тарап Музаффар Исаковду 12 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо менен күчөтүлгөн режимдеги колониядан жаза өтөөсүн суранууда. Кылмыш иши боюнча айыпталуучулардын арасында 9 адам бар. Прокурор аларды сегиз, тогуз жана 12 жылга эркинен ажыратууну сурады», – деп айтылат маалыматта.
Музаффар Исаков коррупцияга айыпталган. Тергөөнүн версиясы боюнча, мурунку эл өкүлү Таш-Булак айылынын өкмөтү болуп турганда, айыл-чарба иштерине багытталган жерлерге жеке турак-жайлардын курулушуна уруксат берген 315 мыйзамсыз токтом чыгарган.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ