2019-жылдан тарта ден-соолугу чектелген балдардын ата-энелерине колдоо түрүндө каражат төлөп берүү башталат. Бул тууралуу маалымат жыйында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.
Ал 2018-жылы ден-соолугу чектелген, такай камкоордукка муктаж балдарга кам көргөн жактарга колдоо көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алынганын белгиледи.
«2019-жылдан тарта аларга ай сайын 4 миң 900 сомдон каражат төлөнө баштайт. Сумма жыл сайын тиричилик минимунун өзгөрүшүнө ылайык каралып турат»,- деди ал.
Эске салсак, ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев камкоордукка уктаж, ден-соолугу чектелген балдарга кам көрсөтө турган персоналдык асистенттин кызматын киргизүү тууралуу токтомго кол койгон.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ