Menu

Доңуз жылын кантип тосуп алабыз?

Бөлүшүү:

2019-жыл – Доңуз (Кара кийик) жылы. Астрологдордун маалыматына таянсак, жыл динамикалуу, активдүү, бирок жеңил эмес жылдардан болот. 2019-жылы адамдарда Жерге жана Доңузга таандык белгилер: туруктуулук, максатка жетүү үчүн чыдамкайлык, жети өлчөп, бир кесүүчүлүк, түшүнүүчүлүк, чынчылдык керектелет.

Алгач жаңы жылды ойдогудай жакшы тосуп алууга даярдануу зарыл. Жер түстүү сары доңуз жылы узап бара жаткан сары жер түстүү ит жылына түспөлдөш. Күрөң, сары, саргыч, алтын түстүү өңдөр келе жаткан жылга да тиешелүү десек жаңылышпайбыз. Атайын кечелерге даярдаган көйнөк, костюмдарды ушул өңдө тандасак өкүнүчтөр болбойт.

Доңуз жылынын баалуу таштары

Бул жылдагы баалуу таштар: агат, коралл, берилл, ляпис лазурит. Булар 2019-жылдын тумар таштары катары бааланат. Жаңы жыл түнү бул таштар менен жасалгаларды тагынсаңыз, өзүңүзгө көңүл бурдурууга, келе  жаткан жылда дем-күч, ийгилик чакырууга жол ачылат.

Үйдү кооздоо

Үйдү кооздоого керектүү гирлянды, сары, алтын түстүү оюнчуктарды сатып алууну унутпаңыз. Балатыга же стол үстүнө 2019-жылды эске салган символдорду сатып алыңыз.

Жаңы жылдык дасторкон

Доңуз даамдуу, жакшы тамактанганды жактырат. Болгону жылдын ээсинен жасалган тамактар коюлбашы салт. Жаңы жылдык түнгө дасторкон даярдоого алдын ала тизме түзүп алсаңыз, сиз үчүн ыңгайлуурак. Доңуз каалаган эттүү тамактарга, деликатестерге жакшы көңүл бурушубуз керек.

2019-жылды тосууда тоюмдуу, күчтүү тамактар менен дасторконду толтуруңуз. Мындай тоюмдуу дасторкон кетип бара жаткан ит жылына, келе жаткан доңуз жылына да жагымдуу.

Алгач жеңил жашылча салаттар менен баштап, эттүү, тоюмдуу салатгар менен толуктаңыз. Ысык тамактарды да эт, тоок эти, балык эти менен жасаганыңыз оң. Доңуз десерттерди да тамшанып жегенди жактырат. Андыктан таттуулар да дасторконуңуздуң ажарын ачат.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: