Menu

Видео – Кубатбек Кожоналиев, юстициянын генералы: “Медеткан Шеримкулов 2010-жылдагы Убактылуу өкмөт мамлекеттүүлүккө каршы кылмыш жасаганын, бийликти узурпациялап алганын ачык жарыялап жатат”

Бөлүшүү:

“Легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкуловдун “2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн ал кездеги парламентти таркатуу тууралу биринчи декрети антиконституциялык жана мамлекеттүүлүккө каршы болгон” деген билдирүүсү кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн?” – деп жазат юстициянын генералы Кубат Кожоналиев.

“Мамлекеттик N1-резиденцияда өтүп жаткан расмий жыйындын катышуыучулары аплодисменттер менен кабыл алышкан легендарлуу парламенттин экс-төрагасы Медеткан Шеримкуловдун “2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн ал кездеги парламентти таркатуу тууралу биринчи декрети антиконституциялык жана мамлекеттүүлүккө каршы болгон” деген билдирүүсү саясый мааниге гана ээ болбостон укуктук-практикалык  жыйынтыкка да алып келиши мүмкүн.

Факт жүзүндө, экс-спикер 2010-жылдагы Убактылуу өкмөт легитимдүү мыйзам чыгаруучу бийликтин жогорку органы – өлкөнүн Жогорку Кеңешине каршы кылмыш жасаганын, бийликти узурпациялап алганын ачык жарыялап жатат. Мындай аракеттерге азыркы иштеп жаткан мыйзамдарда кылмыш жазасы каралган. Шеримкулов бул билдирүүнү массалык маалымат каражаттарына берген интервьюларында айтып жаткан жок, кыргыз парламентинин 80 жылдыгына арналган расмий жыйында көптөгөн расмий аткаминерлердин катышуусунда айтты.

Ал эми Шеримкуловго каяша айткан Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмил Каптагаевдин  актануусу – “революциялык кырдаал” деген суу кечпеген жүйө болду. Ага Шеримкулов  кандай гана шылтоо болбосун ал декрет мыйзамсыз бойдон кала берет деп жооп кайтарды”, – дейт Кожоналиев.

Медеткан Шеримкулов эмне айтканын угуп көргүлөчү:

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: