Menu

“Эстүү адам болсоң ачаар эшигиңди катуу жаппа…”

Бөлүшүү:

Кыргыз саясатын, билик төрүндө жүргөндөрдүн, деги эле эркек аралашкан элитанын кебетесин карап карап көргүлөчү? Ушунчалык пастыкка түшүп кетишти. Андай пастыкка аялдар, кыздарыбыз да түшкөн жок.

Жакында «жылаан чакпай, жылкы теппей» ЖКнын вице-спикери Асель Кодуранова кызматынан мыйзамды, регламентти каратып туруп бузуу жолу менен алынды. Ал катачылык бүт Кыргызстанга оркоюп көрүнүп калды. Андай экенин парламенттеги КСДПдан башка фракциялар деле мойнуна алды. Кодуранова өз ишин тыкан, билгиликтүү билгени үчүн алынды. Зато, башын бийик көтөрүп түшүп кетти. Азамат, Асель!
Кодуранованын кызматтан алынышына иш билбестиги эмес, кадимкидей эле саясий себеп болгонун баары эле түшүнүштү. “Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабиров 12-декабрда Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери боюнча Жогорку Кеңеште Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Башкы прокуратуранын маалыматын угуу жөнүндө сунуш киргизип, бирок маселени кароого убакыт жетпей калган. Эртеси 13-декабрда уланмак. Бирок, төрага Дастан Жумабеков «тырышып» жатып маселе күн тартибине кайра коюлуп, депутаттарга «дем салып» кетишкенби бир күн мурун колдоп добуш бергендер каратып туруп позициясын өзгөртүп, натыйжада сунуш колдоо таппай күн тартибине кирбей калган. (Бул көрүнүш азыркы парламенттин жөн эле айдама болуп калганын дагы бир жолу далилдеди.)

Ал эми (ал күнү төрага тойго кеткен) ошол күнү жыйынга жетекчилик кылып жаткан А. Кодуранова айрым, айрым эле эмес көптөгөн эркектерден айырмаланып коркпой-этпей өз ишин мыйзам чегинде гана алып барган. Башкы себеби – анын тыңдыгында болду. Бул кимдир бирөөлөргө жаккан жок жана чочутту да окшойт. Акыры алып тынышты, ушунчалык кир, бетпактык метод менен.

Анан акырында кээ бир жигиттердин дити барбай турган бул «былгытманы» жасаган, «автору» дейбизби, «саткын» дейбизби, Атамбаевдин 25 жылдан берки «досторунун-соратниктеринин» бири дейбизби, ЖКдагы КСДП фракциясыньш башчысы Иса Өмүркулов Асел Кодуран-вадан момундай сөз укту: «Иса Шейшенкулович, сиз бүгүн “парламентте отургандардын ичинен мен саясатта эң көп убакыттан бери жүрөм”деп айттыңыз. Сиз билгендей, күчтүү эркек күчтүү эркек менен атаандашат. Ал эми алсыз эркек өзүнө аял кишини каршылаш кылат. Бүгүн сиз муну ийгиликтүү аткардыңыз. Аны менен сизди куттуктайм. Иса Шейшенкулович, мен сизди 23 жылдан бери билем. Карындаш катары «байкем» деп мамиле кылчумун. Бала кезимде таенем байкелериме «эстүү адам болсоң ачаар эшигиңди катуу жаппа, карындашыңды какпа” деп айтчу. Сиз бүгүн ачаар эшигиңизди абдан катуу жаптыңыз, карындашыңызды абдан катуу кактыңыз! Мындан ары сиз байке деген наамга татыкстуу эмессиз».

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: