Menu

Видео – Туристтик милиция иштей баштады. Министр алардын англис жана түрк тилдерин билүү деңгээлин текшертти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-декабрда Бишкекте жаңы ачылган Туристтик милициянын англис жана түрк тилдерин билүү деңгээли текшерилди.

Милиция кызматкерлеринин эртең мененки иш бөлүштүрүү учурунда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев аларды алгач англисче, кийин түркчө диалог куруп, тил билүү деңгээлин текшерүүнү суранды.

– Офицер, мага жардам бере аласызбы? Мен ушул парктан капчыгымды жоготуп алдым, – деди англисче чет элдик жарандын ролун ойногон бир милиция кызматкери. Милиция кызматкери кайрылган “туристтен” алгач паспортун сурады. Алар англисче диалог куруп бүтүп, кийин түркчөгө өтүштү.

Туристтик милиция эки взводдон турат. Анда жалпысынан 60 кызматкер иштеши каралып жатат, азыр бардык сынактардан 20 адам өттү. Тандалып алынгандардын жарымы кыз-келиндер. Туристтерди тейлөөчү милиционерлердин өзүнчө формасы болот.

Бул долбоор азырынча Бишкек шаарында ишке ашырылууда, келечекте туристтер көп каттаган башка аймактарда да ачылат.

Расмий маалымат боюнча, 2017-жылы Кыргызстанга чет өлкөлүк 2,7 миллиондой турист келген.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: