Бүгүн, 28-декабрда “Чечме-автобекетинде” чек арачылар Кыргызстанга өзүнө таандык эмес паспорт менен кирип бара жаткан Өзбекстандын 57 жаштагы жаранын кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, паспорттук текшерүүдөн өтүп жатканда Өзбекстандын 1961-жылы төрөлгөн Ж.З аттуу жараны 1993-жылы төрөлгөн А.З аттуу жарандын паспортун берген. Индентификациялык текшерүү жүргүзүп жатканда чек арачылар жарандын өңү-түсү паспорттогу сүрөткө окшошпорун аныкташкан. Тергөөнүн жүрүшүндө ал өзү, тууганынын паспорту менен өтүп бара жаткандыгын моюнуна алган.
Тиешелүү документтер топтолгондон кийин кармалган жаран КРдин Ички иштер министрлигинин аймактык кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ