Menu

Видео – Адахан Мадумаров Нарындыктардын чакыруусу боюнча барып, Миң-Булак айылында эл менен жолугушуу өткөрдү

Бөлүшүү:

«Нарын районунун Миң-Булак айылынын жигиттери үч жолу барып чакырышканынан бүгүн сиздерге келдим, сиздердин мындай олуттуу маселени – Солтон-Сары алтын кени боюнча көйгөйдү көтөрүп жатканыңар өтө маанилүү. Мен азыр айыл өкмөтүнүн жана район акиминин айткандарын угуп, мындай ойго келдим, биринчиден, биздин ниетибиз, пейилибиз бузулуп калды”, – деп билдирди кечээ, 27-декабрда Нарын облусунун Миң-Булак айылында эл менен жолушуп жатып оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаров.

“Булардын айтуусу боюнча “жетим-жесирлерге жардам берип жатат” деп биз кытайлардын алдында 5 убак намаз окушубуз керек экен да. Жардыларга жардам берип, көпүрө куруп берип жатат деп кытайларга барып ракмат айтып, сыйнышыбыз керек экен да. Улакчыларыбыз кытайлар бизге улак чаптырып жатат деп сыйынышыбыз керек экен. Бул жакшы эмес. (Залда кол чабуулар). Мындай көрүнүнш Кыргызстандын бардык жеринде болуп жатат. Кадамжайдагы Шамбет-Сай алтын кени боюнча Кадамжайдын эли жапырт, бир да киши калбай каршы чыгып, өз чечимин кабыл алышты. Мына жакында Ала-Бука менен Чаткалда “Терек-Сай алтын кенинде ушундай маселе болду. Бул Кытай деген балээ кирген жерин оңдурган эмес, бул кытай деген балээ деп Америка ызылдап жатат. Кытай деген балээ 150 млн калкы бар Россияга чоң проблема жаратып жатат. Мына азыр Бишкектен Нарынга келатсам, жол катар бүт кытайча жазылуу, Бишкектеги Улуттук университетке барсам кытайча жазуулар, муну эмне үчүн мындай кылып жатышат? Ушинтип, акырындап-акырындап каныбыз аркылуу жаныбызга кирип баратат. Эгерде биз ыймандуу болгон болсок, башкача болмок, биз ачка калган жокпуз да, согуш мезгилинде да, бир кесе талканды төрт киши бөлүп жесе дагы бири-биринин тоогун уурдаган эмес касиеттүү эл. Биз бирөөнүн байлыгына көз артпаган эл элек. Курсагыбыз тойсо ошого шүгүр деп жашап келдик эле. Эми бүгүн кытайлар бир арзыбаган нерселерди жасап койсо биз ошолорго милдетүү болуп калып жаткандай болуп жатат. Азыр айыл өкмөтү айтып жатат “4 млн сомду ким төлөйт?” деп, биз коркпошубуз керек азыр… Садагалар, биз кечигип жатабыз, кытай күндөн-күнгө көбөйүп келе жатат. Ушул кезге чейин ата-бабаларыбыз алтын казбай эле жашап келиштиби? Келди! Мындан кийин деле жашай алабызбы? Миң жолу жашай алабыз! Койгулачы ушул жерди талкаганыбызды, жайыттардыбызды талкаганыбызды, көздүн жашындай болгон туптунук сууларыбызга цианиддерди, соляркаларды агызып көргөн кунубуз курусун кыргыздар! Мына ошондой күндү көрбөй эле коёлучу, ошонун акчасын албай эле коёлу, ошонун көмүрүн жакпай эле койдук. Тамагын ичпей эле койдук, кетсин! (дүркүрөгөн кол чабуулар). Күн санап кечигип баратабыз, 60 миң кыргыздын кызы кытайга күйөөгө чыкты, эмне үчүн биздин паспорттон “улуту” деген жерин алып салышты? Ошолорго эртерээк сатыш үчүн! Эми экинчи кадамы – бул жер-жерлерде, шаарларда акимдер менен мэрлерди эл шайласын деген мыйзамды киргизишет. Булар эбегейсиз акчаны берип жатышат, кыргызды кыргыздын колу менен муунтуп келатат. Мындан кийин кытайлар биздин улакчыларды колдоп келатат деп айтпай жүрөлү, уят болот. Коңшу мамлекеттер укса эмне болот? Кыргыздар, бизди бирибизге-бирибизди эрегиштирип коюп, ынтымагыбыздын жоктугунан алдатып жатабыз”, – деди Адахан Мадумаров.

https://www.youtube.com/watch?v=X5aSa_3kVQA&t=1317s

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: