Menu

Фото – Ишкер Аскар Салымбеков Гүлзат Мамытбектин өкүл атасы болду

Бөлүшүү:

Кечээ, 28-декабрда тренер жана дем берүүчү оратор Гүлзат Мамытбек, америкалык режиссер Хуана Буэндиа менен нике кыюусунда Кыргызстандын эң бай адамдарынын катарындагы бизнесмен Аскар Салымбеков алардын өкүл атасы болгондугун кабарлады. Бул тууралуу Г. Мамытбек өзүнүн Instagram социалдык баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, А. Салымбеков алардын “өкүл атасы” болуп жаткандыгына кубанып, белек тартуулаган.

“Ал биздин Хуана менен болгон максатыбызды сыйлайт жана бизге ишенет. Ал эми, биздин максат Кыргызстанды мегапопулярдуу кылуу” деп жазган Г. Мамытбек.

Ошондой эле, Г. Мамытбек Кыргызстанды кантип мегапопулярдуу кылса болоорун да жазып кеткен. Анын айтымында, жолдошу Хуан өлкөнү жакшы көрүп, ал өзүнүн фильмдери аркылуу Кыргызстанды дүйнөгө таанытарын айткан.

Эскерте кетсек, Гүлзат Мамытбек экинчи жолу турмушка чыгып жаткандыгын билдирген. Анын жолдошу америкалык 35 жаштагы режиссер Хуана Буэндиа экендиги маалым.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: