Америкалык Колин О’Брэди Антарктиданы башкалардын жардамы жок басып өткөн биринчи адам болду. Бул тууралуу yenicag.ru сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 33 жаштагы спортчу лыжа менен 54 күндүн ичинде 1500 километр жерди басып өткөн. Анын айтымында, 26-декабрь күнү Антарктидадагы эң ири Росса музуна жеткен. Тамак-ашын жана керектүү жабдууларды чана менен сүйрөп жүргөн. Ал алгач 170 кг салмакта болгон.
Ошол эле убакта О’Брэди менен катар континентти 49 жаштагы британиялык офицер Льюис Радд дагы басып өтүүгө аракет кылган. Эки спортчу тең 3-ноябрда жолго чыгып, О’Брэди түндүк тараптан 40-күнү келсе, Радд 41-күнү келген.
The New York Times газетасынын жазган маалыматына ылайык, бул жүрүш үчүн О’Брэди жана Радд демөөрчүлөрдөн 200 миңден доллар каражат топтошкон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ