Кечээ, 29-декабрда “Манас” аэропортунан анча алыс эмес көк бөрү талаасында Кыргызстандагы эң чоң жана эң кымбат делген “Барон” аргымагы аламан улакка катышып, оюндан кийин басып баратып жыгылып мүрт кеткен. Ал 1 млн долларга бааланган. Бул тууралуу Кыргызстандын Көк-бөрү федерациясы тастыктады.
Маалыматка ылайык, аргымак Алмаз Колдошев аттуу саяпкерге тиешелүү болчу. Анын айтымында, аргымак күтүүсүз жерден жан берген.
“Жарыш Чүй облусунун “Манас” аэропортунан анча алыс эмес жерде, көк бөрү талаасында өтүп жаткан. “Барон” мурда ооруган эмес. Ошол үчүн азыр анын өлүмүнүн себеби белгисиз бойдон калып жатат. Бул Кыргызстандагы эң кымбат аргымак болчу”, – деди ал.
Ошондой эле, Алмаз Колдошев аргымакты 2012-жылы Орусиядан 5 миң долларга сатып алып келгендигин жана аны миллион долларга сатпай койгондугун кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ