— Махабат айым, жакында кесиптешиңиз Элвира Сурабалдиева президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев опузалап, коркутканын билдирди. Сиз бул көрүнүшкө кандай баа бересиз?
— Курманбек Дыйканбаев мен билгенден абдан дипломат, адамгерчиликтүү, кесипкөй, өзүнүн мамлекеттик кызматтагы функциясын так аткарган киши. Мен өз көзүм менен көрүп, кулагым менен укпагандан кийин кандайдыр бир субъективдүү көз карашымды билдирүү туура эмес. Бирок, Курманбек Дыйканбаев менен бир нече убакыттан бери иш үстүндө мамиле жасап, билген адам катары “ал киши коркутту” деген сөзгө көп ишенгим келбейт. Анүстүнө ал киши өзүнүн интервьюсунда айтып жатат “диалогубузда коркутуу орун алган эмес” деп.
— Быйылкы узаган жыл сиздин эсиңизде эмнеси менен калды? Жаңы жылда аяз атадан эмне белек күтөсүз?
— Быйылкы жыл мен үчүн абдан маанилүү жылдардын бири болуп калды. Элдин жашоосун жакшы жакка өзгөртчү бир нече мыйзам долбоорун жаздым. Бул буюрса 2019-жылы парламенттин талкуусуна чыгат. Мамлекеттик деңгээлде бир нече иш-чараны баштадым. Мисалы, улуттук идеология боюнча маселелер. Эми аларды улантып, ишке ашыруум керек. Өлкөбүздүн өсүү жолуна түшүүсүн, элибиздин жашоосунун оңолуусун жана жалпы элге, өзүмдүн үй-бүлөмө аманчылык, бекем ден соолук сурап кетмекмин.
Калыгул Бейшекеев
Булак: “Азия ньюс“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ