Menu

Фото – Жалал-Абаддын мэри Мураталы Тагаев 40 мыкты окуучуну сыйлоо үчүн 21,8 миң сом каражат бөлдү

Бөлүшүү:

28-декабрь күнү Жалал-Абад шаарындагы мектептерде мыкты окуган жана коомдук-маданий иш-чараларга активдүү катышкан мектеп окуучуларына Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев  Ардак грамоталарды, Алкыш баракчаларын жана белек катары китептерди тапшырды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Шаар мэриясына бардык мектептерден жалпысынан 40тан ашуун окуучулар мэрдин кабыл алуусунда болушту. Калаа башчысы жергиликтүү бийликтер келечек муундарына колдон келген мүмкүнчүлүктү берээрин айтып, аларга активдүү болушун, окууларында көп ийгиликтерди багындырышын каалады. Ошондой эле шаар мэри тарабынан жардам керек болсо, колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Ал эми сыйлык алган окуучулар шаар мэрине ыраазылык билдиришип, мындан ары да окуунун алдыңкыларынан болууга аракет кылышаарын айтышты. Калаа башчысы тапшырган сыйлыктар жана белектер аларга чоң стимул болорун белгилешти.

Белгилей кетсек, шаар мэри алдыңкы  окуучуларды кабыл алып, сыйлоо үчүн өзүнүн резервдик фондунан 21 миң 800 сом каражат бөлүп берген. Ал эми шаарда 20 жалпы билим берүүчү мектептер бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: