Menu

Фото – Депутат Темирлан Токобеков “Арча-Бешиктин” тургундары менен №93-мектепке 2,15 млн сом жана 10 планшет белекке берди

Бөлүшүү:

Кечээ, 29-декабрда Бишкек шаардык кеӊештин депутаты Темирлан Токобеков “Арча-Бешик” конушунун тургундары жана №93 мектептин окуучулары үчүн чындыгында жомоктогудай жаӊы жылдык маанай тартуулады. Бул тууралу Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматы билдирди.
Аяз ата жана Аяз кыздын катышуусу менен өткөн жаӊы жылдык көрсөтүүдөн тышкары БШК депутаты кичинекей балдарга таттуу белектерди тартуулады.
№93 мектептин окуучулары жана келген коноктор үчүн күтүлбөгөн белек болуп Темирлан Токобеков даярдап койгон сюрприз болду окшойт. Анткени ал жаӊы жылдык белектерден тышкары “Арча-Бешик” конушундагы №93 мектепке футбол талаасын курууга 2 млн сом, спорттук шаймандарга 150’000 сомдук сертификат тапшырды.
Ленин районунун социалдык маселелер боюнча башчысынын орун басары Жамалкан Мамытова мектеп окуучулардын жана алардын ата-энелеринин атынан БШК депутатына ыраазычылыгын билдирип, Ыраазычылык катын тапшырды.
Майрамдык иш-чарадан соӊ кичинекей коноктор үчүн чакан дискотека уюштурулду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: