1-январь күнү Ысык-Ата районундагы айылдардын биринде азиат улутундагы аялдын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер бөлүмү билдирди.
Аялдын денесин 16:25те табылган. Берилген маалыматка ылайык каза болгон аял 25-30 жаштын тегерегинде болгон. Укук коргоо кызматкерлери текшерүү жүргүзгөндө физикалык жактан жараат алганы табылган эмес.
Учурда тиешелүү экспертизалар жүрүп, каза болгон адамдын аты-жөнү аныкталууда.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ