Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Чыгыш-Казакстан облусундагы Зыряновск шаарынын аталышын Алтай деп өзгөртүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкөнүн расмий маалымат каражаттары 3-январда билдиришти.
Маалыматка караганда, мамлекет башчынын бул жарлыгы менен Чыгыш Казакстан облусундагы Зыряновск районунун аталышы дагы Алтай районе деп өзгөртүлдү.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет. Аталыштарды өзгөртүү сунушун райондук кеңештин депутаттары менен жергиликтүү коомдук кеңештин мүчөлөрү былтыр 28-сентябрда жактырышкан.
Зыряновс району 1928-жылы негизделген. Кийин шаар макамын алган Зыряновск айылы 1791-жылы негизделип, полиметалл кендерин ачкан Герасим Зыяновдун ысымы менен аталган.
Назарбаев 28-декабрда кол койгон дагы бир жарлык менен Чыгыш-Казакстан облусундагы Зеленовский районунун аталышы Байтерек болуп өзгөртүлдү.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ