Menu

Россиялык лоббисттер Темир Сариевди премьер-министрликке сүрөмөлөп, кыргыз бийлигинин шаштысын кетирүүдө

Бөлүшүү:

Былтыр, 2017-жылдын апрелинде Мухаммедкалый Абылгазиев премьер-министрликке шайланары менен “”эки жылга кызматтан кетирбей иштетесиз” деп президенттен гарантия алыптыр, эки жыл өкмөт мүчөлөрү -министрлер четинен алмашыла берсе да, Абылгазиев былкылдабай олтурат экен” деген сөз уу-дуу тараган. Бүгүнкү күнгө чейин ошондой эле болуп келген. Бирок биздин жеке булактардын акыркы маалыматтарына караганда эки жыл эмес, бир жылга да жетпей премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин үстүнө да “кара булут” айлана баштаптыр. Парламент кышкы каникулдан келери менен айрым депутаттарга “фас!” деген команда кетип, алар премьер-министрге арылдап чабуул баштары байма-бай айтылып жатат.

Анын ордуна Чүйлүк 3 талапкер чуркап, баарынын аргументи – “Атамбаевди чүйлүктөр гана ооздуктап, ордуна коё алат” дегенден алыс ашпай жатыптыр. Бирок Иса Өмүркулов менен Туйгуналы Абдраимовдун талапкердиги ташыркап турат экен. Жалгыз гана Темир Сариевдин Россиялык лобисттери кыргыз бийлигине тымызын басым жасап, Темир Сариевди премьер-министрликке сүрөмөлөп жатканы айтылууда. Темикенин Россия алдындагы эмгеги зор эмеспи – 4 миллиард доллардык алтыны бар Жер үй алтын кенинин 100% ын Россиялык олигархтарга 100 миллион эле долларга сатып жиберген. Кыргызстанды Бажы союзуна деп орусиянын алдына айдап кирген. Ошол сыяктуу Россия алдында өтөгөн кызматтарынын акыбети кайтып, эми аны премьер-министрликке дайындоо үчүн орусиялык лоббисттер кыргыз бийлигинин колун кайрып турган кез. Карап туралы, бул талашта кыргыз бийлиги жеңеби же орус бийлиги басып кетеби.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: