Menu

Кыргыз дипломаттары Кытайдын Шинжаң аймагына барып кырдаал менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз дипломаттары Кытайдын Шинжаң аймагына барып, кырдаал менен таанышып келгенин ырастады.

Буга чейин “Reuters” маалымат агенттигине 12 өлкөнүн дипломаттары Кытайдын тарбиялоочу лагерлерине барып келгени тууралуу кабар жарыяланган.

ТИМдин “Азаттык” радиосуна берген маалыматына ылайык 28-декабрдан 30-декабрга чейинки аралыкта Кытай тараптын чакыруусу менен 12 өлкөнүн (Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикистан, Өзбекстан, Ооганстан, Индия, Индонезия, Кувейт, Малайзия, Пакистан, Таиланд) дипломатиялык миссиялары Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономдук аймагынын Үрүмчү, Кашкар жана Хотан шаарларына барып келишкен.

Анда дипломаттар аймактын социалдык-экономикалык абалы менен таанышып, маданий жерлерине, билим берүү окуу жайларына, мечиттерине жана базарларына барышкан. Сапардын алкагында элчиликтердин өкүлдөрү мурда сөз болуп жүргөн тарбиялоочу лагерлерге да барышкан. Бирок ТИМ бул тууралуу кошумча маалымат берген жок.

Кытайда аз улуттар куугунтукка кабылып жатканы, жүз миңдеген адамдар саясий лагерлерде кармалып турганы тууралуу кабарлар дээрлик эки жылдан бери байма-бай айтылып келет.

2018-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда жашап жаткан бир катар шинжаңдык кыргыздар да өлкө бийлигинен Кытайда кармалып турган жакындарын бошотууга көмөктөшүүнү суранышкан. 29-ноябрда Бишкекте өткөн жыйында Кыргызстанда “Кытайдагы кыргыздарды колдоо” комитети да түзүлгөнү белгилүү болгон.

Кытай бийлиги Шинжаңдын жашоочуларынын укугу бузулуп жатканы тууралуу дооматтарды четке кагып, саясий лагерлерди кадыресе билим берүүчү борборлор катары мүнөздөп келет.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: