Menu

Роза Маманованын милиция ага каршы мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүздү деген маалыматы чындыкка дал келбейт

Бөлүшүү:

Роза Маманованын ага каршы Кызыл-Кыя шаардык милициясы мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүздү деген маалыматы чындыка дал келбейт. Бүгүн, 9-январь күнү айрым ММКларга “Баткендик активистка Роза Маманова “Ак үйдүн алдында өзүн жана эки баласын өрттөйм” деп коркутууда” аттуу маалымат чыккан. Бул маалымат боюнча Баткен ОИИБы төмөнкүдөй түшүндүрмө берет:
Кызыл-Кыя шаарынын  жашоочусу 38 жаштагы М.А. арыз менен кайрылып, ал өз  арызында, 2016-жылдын июль айында Кызыл-Кыя шаарынын   жашоочусу   Р.Маманова анын ишенимине кирип, өзүн жактоочу катары тааныштырып, анын үйүнөн көп суммадагы акча каражатын уурдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин ачылышына жардам беремин, укук коргоо органдарында тааныштарым бар деп билдирип, алдоо жолу менен гонарар катары 50 000 (элүү миң) сом акча каражатын алгандыгын, андан кийин 2017-жылдын январь айында кайрадан жактоочумун деп андан көп суммадагы акча каражатын карыз болгон Ноокат районунун жашоочусу Б. Кдан акчасын өндүрүп беремин деп алдоо жолу менен 10 000 (он миң) сом акча каражатын алгандыгын, андан кийин 2017-жылдын май айында таанышы Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Б. Мдин үстүнөн арыз жазып, материал чогултуп, интернет булактарына жарыялаймын деп коркутуп 10 000 (он миң) сом акча каражатын алгандыгын билдирген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Адвокаттар кеңешинин 2017-жылдын 21-сентябрындагы 366/17 сандуу маалыматына ылайык, Р.Маманова Кыргыз Республикасында Адвокаттар кеңешинде жактоочу катары катталбагандыгы аныкталган. Ал эми, Кызыл-Кыя шаарынын  тургуну 38-жаштагы М. А., Р.Маманова, Кызыл-Кыя шаарынын  жашоочусу  Т.М жана Кызыл-Кыя шаарынын   тургуну А.Кнын көрсөтмөлөрүндө карама-каршылыктар пайда болгондуктан, аталган карама-каршылыктарды жоюу үчүн алардын ортосунда беттештирүү, бир катар тергөө аракеттерин жүргүзүү зарылчылыгы чыгып, аталган тергөө аракеттерди кылмыш иш козгобостон туруп чечүүгө мүмкүн болбогондуктан, М.Анын арызында көрсөтүлгөн фактылар боюнча 2017-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүгү (алдамчылык) менен  кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө, күбөлөр менен Р.Маманованын ортосунда беттештирүүдө жана иликтөө иш чаралары жүрүшүндө Р.Маманованын   Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүгү (алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмышы толугу менен далилденген.

Андан сырткары, Р.Маманованы күбөлөр менен беттештирүү учурунда  көтөрүп  жүргөн сумкасын тергөөчүнүн кабинетине таштап, ага бир нече жолу сумкаңызды алып кетин дегенге карабастан, сумкамды эртең алып кетемин деп таштап, качып кеткен. Эртеси Р.Маманова тергөөчүнүн кызматтык кабинетине ордери жок эки жактоочусу менен келип, сумкамдан 50 000 сом акчам жок, Кызыл-Кыя шаарынын прокуроруна барып, арыз менен кайрыламын деп кеткен бойдон кайрадан тергөөгө келген эмес.
Бул боюнча Р.Маманованы тергөөгө бир нече жолу мажбурлоо менен алып келүү токтомдору кабыл алынып, бирок Р.Маманованын жашаган даректерине барган учурда, ал берген даректерде жашабагандыгы аныкталып, калыстардын катышуусунда атайын актылар түзүлгөн.

Жогорудагылардын негизинде Р.Маманова качып тергөөгө келбегендиктен, 2017-жылдын 4-декабрында ага Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүгү (алдамчылык) менен айыбы сырттан угузулуп, ошол эле күнү Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясы  тарабынан ага карата бөгөт коюу чарасы катары сырттан камакка алуу түрү тандалып, Р.Мамановага издөө жарыяланып, 2017-жылдын 4-декабрында кылмыш иш Кыргыз Республикасынын жаза процессуалдык кодексинин негизинде өндүрүштөн убактылуу токтотулган.

Кылмыш иш боюнча айыпкер Р.Маманова 2017-жылдын 12-декабрында Кызыл-Кыя ШИИБнүн  кызматкерлери тарабынан Кызыл-Кыя шаарынын Айбек базарында жайгашкан Ош-Бишкек автоунаа токтотуучу жайдан кармалып, ошол эле күнү Кызыл-Кыя ШИИБнүн убактылуу жайына  киргизилип, ага айыбы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүгү (алдамчылык)  жана 170-беренеси (Опуза талап) менен айыбы угузулуп, бөгөт коюу чарасы катары Кызыл-Кыя шаардык соту тарабынан камакка алуу түрү тандалып, тергөөнүн жыйынтыгы менен Р.Мамановага карата козголгон кылмыш иши соттук кароого жиберилип, соттук кароодо Р.Маманова Кызыл-Кыя шаардык соту тарабынан 1 жылдык мөөнөткө шарттуу түрдө соттолгон. Андан кийин Р. Маманованын апелляциялык арызы менен кылмыш иши Баткен облустук сотунда каралып, Кызыл-Кыя шаардык сотунун өкүмүн күчүндө  калтырылган. Роза Маманова Кызыл-Кыя шаардык милициясы тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүздү деген маалымат чындыка дал келбейт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: