Menu

Видео – Президент Сооронбай Жээнбеков: “Кытай менен мамилени бузууну каалагандардын аракети ишке ашпайт”

Бөлүшүү:

«Кытай менен мамилени бузууну каалагандардын аракети ишке ашпайт», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Жолугушууда Сокулук районунун жергиликтүү жашоочусу 7-январда Бишкек шаарынын Борбордук аянтында Кытай тарапка каршы өткөн митингди эске салып, ири экономикалык өнөктөш — Кытай Эл Республикасы менен мамилени бузуп салбайбы деген тынчсыздануусун билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга макулдашууларга ылайык кредит-гранттарды берип жатканын, ал эми алар берип жаткан каражат кандай иштетилип жаткандыгы — бул мамлекеттин ички маселеси экенин белгиледи.

«Проблема биздеги мамлекеттик бийликте отургандарда болуп жатат. Биз менен кызматташып жаткан, жардам берип жаткан Кытай тарапка биз рахмат айтышыбыз керек. Саясатташтырып, эл аралык мамилелерди бузгусу келип, стабилдүүлүккө доо кетиргиси келгендер ким экендиги, алардын аракети көзөмөлдө. Мыйзамдын чегинде жоопко тартылат. Бийлик, мыйзам иштейт. Уурдабасак, элибизге каршы аракет кылбасак, корко турган эч нерсебиз жок. Баарына чара көрөбүз, кабатыр болбогула. Маселе көзөмөлдө. Органдар иштеп жатат, иштебегендер, тартип бузууга жол бергендер жооп берет», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: