«Өлкөдөгү коррупция биз ойлогондон да кеңири кулачын жайган. Көп фактылар ачылды, ошондой эле жакында да көп фактылардын бети ачылат. Биз коомду коррупциядан тазалабай туруп, мамлекетти өнүктүрө албайбыз, муну ар кимибиз түшүнүшүбүз керек. Бул Президенттин же укук коргоо органдарынын эмес, жалпы элдин иши болушу шарт. Коррупционер мактанып элдин арасында жүргөндөн, жоопко тартылгандан коркушу керек. Элдин ырыскысын уурдагандар кайра кайтарып бере тургандай болушу керек. Коррупция менен күрөш токтобойт», — деди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда Сокулук районунун жашоочуларынын суроолоруна жооп берип жатып.
Президент Сооронбай Жээнбеков «Коррупция менен күрөшүү — менин президенттик ишмердигимдин эң артыкчылыктуу багыты бойдон кала берет» деп белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ