Menu

СССР Жогорку Кеңешинин акыркы төрагасы Лукьянов каза болду

Бөлүшүү:

Москвада СССР Жогорку Кеңешинин акыркы төрагасы Анатолий Лукьянов 88 жашында көз жумду. Бул тууралуу РБК агенттигине анын кызы Елена Лукьянова билдирди. Анын айтымында, атасы катуу ооруп жаткан.

Анатолий Лукьянов 1930-жылы Смоленскте жарык дүйнөгө келген. 1943-жылдан тарта заводдо иштеп баштаган. 1953-жылы МГУнун юридикалык факультетин аяктаган. Университетти бүткөндөн кийин өкмөттүк түзүмдөрдө иштеген. 1961-жылы СССР Жогорку Кеңешинин президиумунун аппаратында карьерасын баштаган.

1990-жылы Михаил Горбачев СССРдин президенти болуп шайлангандан кийин, Лукьянов Жогорку Кенешинин төрагасы кызматын ээлеген. 1991-жылы ГКЧП аракетин түзүүгө катышкан соң кармалган.

1994-жылы мунапыс менен бошотулган. Лукьянов 1994-2000-жылдары Орусия Федерациясынын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин президиумунун мүчөсү болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: