Menu

Сталинди сындаган америкалык дипломат кытайлардын тепки жеди…

Бөлүшүү:

Американын Кытайдагы маданият боюнча атташеси Роберт Форддун Шанхайда өткөн азыркы искусство боюнча көргөзмөдө сүйлөгөн сөзү өзүнүн башына муш болуп тийди… Өз сөзүндө дипломат байкабай СССРдин мурдагы жетекчиси Иосиф Сталинге акаарат келтирип алган.

Тагыраагы, Кытайдын искусствосу кандуу сталинизмден арылып, азыркы формага өткөнүнө кубангандыгын билдирген.

Америкалык дипломаттын бул сөздөрү кытайларга жакпай калып, беш адам аны полго жыгышат да аябай төпөштөп салышат. Эгер полиция келип калбаганда бул окуя эмне менег бүтөт эле, ким билсин? «Политдайджест» маалымат порталынын жазганына караганда, тийген муштан, тепкиден Роберт Форддун мурду сынып, денеси бүт көгала болгон. Азыр ал ооруканада жатат.

Бирок, дипломатка кол салгандар катуу жаза алышкан жок. Аларга бейбаштык кылганы үчүн айып пул гана салынат. Ал эми Кытайдын тышкы иштер министрлиги АКШнын КЭРдеги элчилигине кечирим сураган кат жолдоп, «мындан ары Сталинди сындабоону» кеңеш берди.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: