Menu

Чаткалда Бишкектен келген айдоочуну атып өлтүргөн шектүү жаран кармалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 10-январь күнү саат 03:00 чамасында Чаткал районуна Бишкек шаарынын тургуну К.У.  жүк ташуучу унаа менен келген. Белгисиз жаран такталбаган үлгүдөгү ок атуучу курал менен К.У.  аттууну атып жиберген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Натыйжада К. У. Ала-Бука райондук ооруканага жетпей алган жаратынан улам жолдо каза болгон.

Бул факты боюнча Чаткал жана Ала-Бука РИИБдин жетекчилиги, тергөө-ыкчам тобу жана тиешелүү кызматкерлери менен бирге тез арада окуя болгон жерге барышып, ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, жыйынтыгында шектүү катары Терек-Сай айылынын тургуну Э.А. экендигин аныкташкан.
Жогорудагы факты боюнча кылмыш иши  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси  (Адам өлтүрүү) менен өндүрүшкө алынды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштердин жыйынтыгында төмөнкүлөр маалым болгон. Чаткал районунун Терек-Сай айылынын Ак-Там участкасында Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 1994-жылы туулган Э. А. аттуу тургуну өзүнүн “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаасында отурган. Ошол учурда Ош облусунун Өзгөн  районунун Кайрат айылынын 1983-жылы туулган А.Э. аттуу тургунунун башкаруусундагы “Вольво-FH 12”  үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасы келе жаткан. Айдоочунун жанында шериги К.У. болгон. Автоунааны токтотуп, К.У. аттуу чыгып, өтүп кетүү үчүн жолдо турган Аскаттын автоунаасын жол четине жылдырып коюну талап кылган. Ортодо келишпестик пайда болуп, Э.А. аттуу автоунаасындагы  ок атуучу куралы менен жүргүнчү катарында бара жаткан У. К. аттууну көкүрөк тарабын  атып жиберип, окуя болгон жерден качып кеткен. Эскпертиза көрсөткөндөй Э.А. мас абалында болгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштын изин суутпай бир нече сааттан кийин шектүү кармалып, Чаткал РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: