Кыргыз Республикасынын мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин уулу, учурдагы «Северная» бажы пунктунун жетекчисинин орун басары Афтандил Конгантиев бажы кызматынын мурунку кызматкери тарабынан ур-токмокко алынган. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 28-декабрь күнү Лебединовка айылында жайгашкан кафелердин биринде белгисиз адам досторунун коштоосунда Афтандил Конгантиевге кол салган. Кээ бир маалыматтарга караганда, алган ур-токмоктон улам Афтандил Конгантиевдин жаагы менен кабыргасы сынган.
Кол салгандардын арасында буга чейин дагы жарандарды ур-токмокко алганы менен белгилүү болгон Оштун бажы кызматынын башкармалыгынын мурунку кызматкери Э.К. болгону дагы айтылууда.
2018-жылдын август айында ал Ош облусунун жергиликтүү кеңешинин депутатын тапанча менен коркутуп, арматура менен урган. Ага карата кылмыш иши козголгон, бирок иш эмне болуп аяктаганы белгисиз.
«Северная» бажы кызматынан кабарлашкандай, Афтандил Молдомусаевич Конгантиев ооруканада дарыланууда.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ