Плесецк космодромундагы аскердик спутникти учурууга даярдык көрүү учуру.
Орусиянын ракеталык чабуулдарды эскертип туруучу «Око» системасынын системасына кирген «Космос-2430» аттуу жандоочу атмосферада күйүп кетти. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Түндүк Американын абадан-космостон коргонуу командачылыгынын (NORAD) маалыматына таянуу менен жазды.
NORADдын маалыматына караганда, спутник орбитадан чыгып, жараксыз абалга келген. Анын күйүп кеткен бөлүктөрү Тынч океандын үстүнө түшүшү мүмкүн экендиги айтылды.
Жекшембиде «Radio New Zealand» радиосу өз сайтында Жаңы Зеландиянын түндүк облустарынынын үстүндө асманда бир нече мүнөт бою жанып турган объект байкалганын билдирген. Анын Орусиянын аскердик спутнигинин бөлүктөрү болушу мүмкүндүгү айтылып, объекттин сүрөттөрү социалдык түйүн колдонуучулары тарабынан интернетке жайгаштырылган.
Учурда Орусия ракеталык чабуулдарды эскертип туруучу жаңы системаны ишке киргизгени турат. Ал орбитага 2015-жылы учурулган «Тундра»спутниктери.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ