Menu

“Президенттин жанында басып калса колтуктары көтөрүлүп, артисттенип калат экен…”

Бөлүшүү:

Бу жолу ЖК спикери Дастан Жумабековду сынга алдык. Биз жөн гана анын ишмердүүлүгү туурасында суроо салып көрдүк. Албетте, ар кыл пикирлер айтылды.

Жусупжан Жээнбеков, коомдук ишмер: 

– Убагында биз спикерибизге, «айланайын, бул залда отургандардын баары сизге окшогон депутат, а сиз болгону «тамадасыз» деп айткан учур болгон. Тилекке каршы, Дастан Жумабековдун спикерлиги, лидерлиги эч сезилбей, жадагалса «тамада» макамына жетпей жатат. Тынч эле, катуу үн катпай, кандай маселе көтөрүлсө да баарына макулдугун билдирип коюп, койдон жоош болуп отурат. Ага күбө катары акыркы карапайым элге каршы мыйзамдарды айталы. Элдин баары ченемсиз айлык же олчойгон пенсия-пособие алып аткансып, «бюджетти толтурабыз» деп ата-бабабыздын үч уктаса түшүнө кирбеген капкаяктагы айып пулдарды таап отурушат. Биз го биз, чет элдиктер эмне деп шылдыңдап аткандары менен иши жок, болбоду дегенде мамлекеггин экинчи адамы катары эсепке алып, бирөө-жарым менен кеңешип, «ушундай кылсак кандай болот, тигинтсек эмне болот?» деп үн катпаганы жанды ачыштырат. Бирок, президенттин сапарында жанында жүрүп калса ооз жабылбай, колтуктары көтөрүлүп, оолуга басып, артисттенип калат экен, «кыйраттым» дегенсип, аман болсун.

Тимур Саралаев, «Жаңы муун» коалициясынын төрагасы:

– Кыргызстандын жаңы тарыхында канча деген парламенттин чакырылыштары болгон, канча деген алардын төрагалары болгон. Алардын арасында кыргыздардын эсинде жана тарыхта кала турган бир топ абройлуу саясатчылар бар. Ошону менен жогору жак кандай буюртма берсе, ошону «ляппай» деп аткарган спикерлердин да далайын көргөнбүз. Ошону менен бирге, учурдагы Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Артисбекович тарыхта калабы, же калбайбы, ал бир күнү бийик кызматтан кеткенден кийин анын артынан жаман сөз ээрчийби, же жакшы сөз айтылабы, аны болгону убакыт гана көрсөтөт. Бирок, соңку учурдагы парламенттин ичинде болуп жаткан процесстерди көрүп жатып, төраганын ишмердүүлүгүнө сын айткандардын ою бир чети туура экенине ынана баштайсың. Азыркы төрага жаш, каны кайнап, күчү ташкындап турган маалы, Кудай берген кызмат, бийлик бар. Анын жардамы менен өлкөнү өнүгүү жолго салбаса да ошого жакындата турган толук мүмкүнчүлүк бар. Эмнеге ал киши тайсалдап, алаңдап, бирдемеден чочулап жатканын парламенттик башкаруу мамлекетинде түшүнүү оор болуп калды.

Эркингүл Иманкожоева, ЖКнын 5-чакырылыштагы депутаты:

– Мен ал кишиге өтө катуу сын деле айта албайм. Анткени, ал башка депутаттарга караганда ичип-жеген жок, анысы байкалбайт. Жөнөкөй инсан. Кээ бир мүчүлүштүк жагы бардыр, бирок адамгерчиликтүү. Бизде аракет кылган адамды башка-көзгө койгулай бермей жаман адатыбыз бар, ушундан качан арылар экенбиз? Бул менин жеке көз карашым. Баса, сөзсүз эле Келдибековго окшогондорду коюшубуз керек эмес. Мисалы, ал спикер болгондо бай-манаптык мамиле кылган. Андайды азыркы спикерден көргөнүбүз жок, болушунча алдыга жылуу аракетин кылып атат. Кээ бир депутаттар аны төрага катары тоготпой, моюн бурап аткансыйт. Жылдык отчет бериш керек эле, аны унутуп калды көрүнөт. Спикерибизге эң негизги деген чечкиндүүлүк жетпей жатат. Антейин десең ким эле спикер болуп төрөлүптүр? Биз эл арасынан чыккан инсандарды колдоп, колдон келишинче алдыга сүрөп өстүрүшүбүз керек. Антпесек ар дайым лакылдаган, бой көтөргөндөр бийликке келе берет. Аны менен катар мамлекетибиз да алдыга жылбайт.

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер:

– Жогорку Кенештин төрагасы Дастан Жумабеков акыркы жылда спикер катары бир топ такшалды, тажрыйба алды, жеке өзүнө карата кандайдыр бир тескери пикир айтууга негиз жок го. Бирок, Жогорку Кеңеш бүгүнкү күнгө чейин Конституцияда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарына толук ээлик кылбай, мамлекетгик жана коомдук түзүмдөрдөгү эң маанилүү реформалардан кетенчиктеп, демилгени жана жоопкерчиликти өзүнө алгысы келбей, жалтактап качкандай болуп, дагы да болсо президентгин аппаратын карап кылчактап турганы, албетте, кимди болбосун кабатыр кылбай койбойт. Мындай абалдын сакталып туруусунда, албетте, төраганын да күнөөсү бар.

Камила Талиева, коомдук ишмер:

– ЖК спикери Дастан Жумабековго тиешелүү эки гана нерсени айтышыбыз керек. Биринчиден, Дастан мырзанын ишине парламенттин ичиндеги депутаттардын өздөрүнүн канааттанбай аткандыгын баарыбыз телевидение аркылуу көрүп атабыз. Бу жерде Жогорку Кеңеш регламент мыйзамын так аткарбай атканын депутаттар жогорку трибунадан нааразычылыктарын билдирип келишет. Экинчиден, Жогорку Кеңештин спикери кызматы элдин көз жаздымында кала турган кызмат эмес. Бул деген мамлекеттин экинчи адамы катары анын саясый ишмердүүлүгү ар дайым коомчулуктун назарында. Чыгарган чечимдери, саясый көз караштары кандай деңгээлде иш жүзүнө ашып атканын баардыгыбыз байкап турабыз. Чын-чынына келгенде, бул өтө чоң , кызмат. Мамлекеггин тышкы саясатын тек коёлу, ички маселелерди чечүүдө чечкиндүү кадам жасабай атканы бизди аябай өкүндүрөт. Жок дегенде жыл аягында коомчулук алдына чыгып, канча мыйзам кабыл алынды, анын канчоосу өз үзүрүн берип атат сыяктуу маалымат берип койсо болмок. Менимче, спикерлик кызматка чабалдык кылып аткансыйт, даяр эмес өңдүү. Саясый чоң фигура болуп калыптана элек. Парламент көз карандысыз иш алып баруу үчүн спикердин ролу абдан зор болуш керек. Биз аны сезбей жатабыз.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: