Menu

Бүгүн түндө милиция кызматкерин өлтүрүп кетишкен

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-январдын түнүндө, болжол менен саат 01:00 чамасында Ысык-Ата РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө  Бишкек-Торугарт  айлампа жолунун он алтынчы чакырымынан автоунаа адамды сүзүп кетти деген маалымат 102-кызматы аркылуу келип түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Түшкөн маалымат боюнча окуя болгон жерге  Ысык-Ата РИИБнүн тергөө ыкчам тобу барган кезде төмөнкүлөр аныкталган.

Болжол менен саат 01:00 чамасында Бишкек-Торугарт айлампа жолунун он алтынчы чакырымында, Алга айылында белгисиз айдоочу белгисиз автоунаа менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып жолдон белгисиз азият улутундагы жашы болжол менен 35-40 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп,  белгисиз тарапка айдап качып кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү алган ар кандай жаракаттарынан улам жол кырсыгы болгон жерден каза болгон.

Жогоруда көрсөтүлгөн жол кырсыгы боюнча Ысык-Ата РИИБнүн тергөө ыкчам тобу чыгып, окуя болгон жерге кароо протоколу түзүлүп, схемасы чийилип белгисиз жөө жүргүнчүнүн жансыз денеси Ысык-Ата районунун өлүк сактоочу жайына жеткирилген. Жол кырсыгы боюнча милициянын каналдары аркылуу багыттамалар берилип, “Тосуп кармоо” иш мерчеми киргизилип, посттор коюлган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында белгисиз жөө жүргүнчүнүн өздүгү такталып, ал Нарын ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын ага ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги 1982-жылы туулган Касымалиев Күнболот экендиги аныкталды.

Азыркы учурда бул факт боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, керек болгон алдын ала текшерүү иштери жүрүп жатат.

Айрым маалыматтар боюнча подполковник Күнболот Касымалиев эмгек өргүүсүн алып, Нарындан Бишкекке ооруп жүргөн баласын медиктерге көрсөтүүгө алып келген.

9-январдын кечинде аны туугандарынын үйүнөн эки милиционер тааныштары чакырып чыгып, Касымалиевдин унаасы менен кетишкен. Алардын бири мурун милицияда иштеп, соттолуп түрмөгө олтуруп чыккан. Касымалиевди өлтүргөндөр анын денесин Кант чөлкөмүндөгү Алга айылына жакын таштап, унаасын “Дордой” базарына жакын калтырышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: