Menu

Рита Карасартова, жарандык активист: “Аткаминерлердин үй-бүлөсүндөгү ата-энесинин, балдарынын мүлкү комплекстүү текшерүүгө алынсын”

Бөлүшүү:

Биринчи Май райондук соту 25-декабрда эки кылмыш иши боюнча, тактап айтканда, Шадиевди Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн акчага байланыштуу жана чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн он жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу өкүм чыгарган. Ал арада мурдагы аткаминерге кылмыш ишинин кеч козголушуна, мүлкүнүн дээрлик баарынын сатылып кеткенине байланыштуу ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаеванын жоопкерчилигин кароо маселеси да көтөрүлүүдө. Ошондой эле мурдагы УКМК башчысы Абдил Сегизбаев менен экс-башкы прокурор кызматын аркалаган Индира Жолдубаеванын мүлктөрү текшерилсин (!) деген талаптар коюла баштады.

– «Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаеванын мүлктөрү текшерилсин» деген талаптар коюла баштады. Сиз кандай пикирдесиз?

– Бир эле Сегизбаев, Жолдубаева эмес, баардык аткаминерлердин, мамлекеттик жетекчилердин баарынын мүлктөрү текшерүүгө алынышы керек. Мыйзамсыз киреше тапкандыгы боюнча көзөмөлдөнүшү керек. Экинчиден, ал ойду ишке ашыруу үчүн көп нерсени жасаш шарт. Бир-эки адамды текшерүү менен жакшы жыйынтык деле болбойт. Бир үй-бүлөдөгү ата-энеси, балдары комплекстүү текшерүүгө алынышы керек. Жапжаш балдар «Лексус» айдап журүшөт. Ал кайдан чыкты? Муну текшерип түбүнө чейин изилдей келсе, коррупциялык иштердин баары чубалып чыкмак.

– Шадиевдин иши боюнча адвокаты сотко кайрылып жатат. Бирок сот тарабынан берилген он жылга эл нааразы…

– Шадиев боюнча иштер түшүнүксүз. Мыйзамсыз киреше тапкан жагын текшерүүгө алса, башка маселе болмок. Анда мен да «ал өмүр бою мамлекеттик кызматгарды аркалаган»деп айтмакмын. Бүгүнкү күндө Шадиевди Чыңгыз Айтматов фондусундагы сыйлыкка бөлүнгөн акча тууралуу суракка тартышты. Ал акчага мыйзамсыз чек араны басып өткөн деген дагы бир мыйзамды кошуп коюп, болгон мүлкүн тартып алуу – бул рейдердик басып алуу. «Сен бул акчаларды мыйзамсыз тапкансың» деп ачык айтышпайт дагы, бир кичинекей ишти шылтоолоп болгон мүлкүн тартып алып жатканы – бул Акаев, Бакиев учурунан келген, бир бийликтен бир бийликке өткөн мамлекетгик бандиттик жол, бандиттик курал. Эгер сен мамлекеттик түзүлүштө иштеп, ошол акчаны жемкорлук менен тапканың далилденсе, ал башка кеп эле. Башында белгилегендей, Шадиев боюнча түшүнүксүз көп иштер бар.

Гүлжан Төрөбаева

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: