Menu

Караколдогу “Карагат” мейманканасынын кызматкери Бишкектик эс алуучуну ур-токмокко алган. Окуянын чоо-жайы

Бөлүшүү:

Караколдун «Карагат» мейманканасынын кызматкери Бишкек шаарынан эс алууга барган Элмира Султанбекованы ур-токмокко алып, анын курбусу Бактыкан Жоробаеваны кемсинткен. Бул тууралуу жабырлануучу Эльмира Султанбекова ММКларга билдирүүдө.

Анын айтымында, алар 6-январда курбусу Бактыкан Жоробаева жана үч кичине баласы менен  тоо лыжа базасына эс алуу үчүн Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы «Карагат» мейманканасына жайгашышкан.

«Мейманканага келерибиз менен суткасы үчүн 6 500 сомду түзгөн люкс жана 4 500 сомдук стандарттык номерлер үчүн каражат төлөдүк. Балдар люкс, ал эми биз стандарттык номерге кирдик. Дароо үч суткага төлөдүк. Экинчи күнү тоо лыжа базасынан келип, номерге бардык. Мейманканада электр жарыгы жок экен, биз буга нааразы деле болгон эмеспиз. Саат 22.00гө жакындап калганда, менин телефонумдун батареясы отура баштады, биз курбум экөөбүз жарык качан берилерин билиш үчүн ресепшнга барууну чечтик. Көрсө, биринчи кабатта жарык бар экен. Ресепшнда турган Айдай аттуу кыз биздин сурообузга орой жооп берип, ал өзү дагы РЭСке чалып, жарык качан берилерин билбей жаткандыгын айтып, көчө жаргондору менен сүйлөй баштады. Бизди тезирээк кетсин дегенсип, өзүн абдан орой алып барып жатты. Биз сурообузга жооп алуу үчүн мейманкананын администраторун чыкырууну сурандык. Бардан бизге туура эмес эсеп чыгарып бергендигине нааразы болдук. Бирок ал кыз администраторду чакыруудан баш тартты. Биз номерге кайтууну чечтик, бирок биз кетип бара жатканда Айдай бизге карата уят сөздөрдү колдонду.  Албетте, буга биз чыдай албай, уруша кеттик. Мен ал кызды түртүп же колунан кармоого биринчи аракет кылдым, ошол учурда коопсуздук кызматкери келип, бизди ажыратпай, тескеринче мени кармап, Айдай мени  урганына мүмкүнчүлүк берип жатты,» – дейт Султанбекова.

Кийин мейманканага милиция кызматкерлери келди. Жабырлануучунун айтымында, укук коргоочулар эс алуучуларга кулак да салган эмес.

«Ал учурда мейманканага администратор келип, окуя үчүн бизден кечирим сурады. Бирок кеч болуп калган эле. Биз милиция кызматкерлерине ресепшндагы кызга карата арыз жазарыбызды билдирдик. Анда укук коргоочулар Айдайга ал дагы жабыркаганын айтып, бизге карата арыз жазууну үйрөтө баштады. Биз милиция менен бирге окуяны видео көзөмөл жазууларын көргүбүз келген. Бирок милиция кызматкерлери бизге аларды көрүүгө уруксат берген жок, ал эми мейманкананын кызматкерлери, алардын ичинде Айдай дагы тасманы көрүп жатышты. Андан соң мени алдап нарколгоиялык борборго алып барышы. Албетте, ал жерден дарыгерлер менин организмимен спирт ичимдиги бар экенин аныкташты, анткени мен бир нече күндөн бери эс алууда болчумун. Бирок  ал күнү мен болгону 50 грамм виски ичкем. Ооруканадан милиция кызматкерлери эмнегедир менин алган жаракаттарымды каттоодон өткөргөн жок. Ал эми Айдайдын спирт ичимдик ичкен же ичпегенин аныкташ үчүн текшерүүдөн өткөрүшпөдү.  Алар бул кадамын Айдай жумуш ордунда ичпейт деп түшүндүрүштү. Анын айткан сөзүнө эле ишенип калышты,» – дейт жабырлануучу.

Султанбекова ошондой эле териштирүүдөн кийин башы айланып, кускусу келгендиктен ооруканага кайрылганын кошумчалады.

«Текшерүүдөн кийин дарыгер мен жабык баш мээ жараатын, моюнумда жана бетимде шишик менен тытыктарды алганымды айтты» – дейт ал.

Окуя болгондон күндүн эртеси жабырлануучу Элмира Султанбекованы Төлөгөн аттуу тергөөчү чакырып, ага психологиялык басым көрсөткөндүгү  белгилүү болгон. Тергөөчү эгерде Султанбекованын күнөөлү экендиги далилденсе, ал жарым миллион сомго жакын айып пулга жыгыларын айтып, «Карагаттын» кызматкерине карата жазган арызын артка кайтарып алганы жакшы болот деп билдирген.

Андан кийин биз бизге жардам көрсөтпөгөн милиция кызматкердерине карата прокуратурага арыз жазууну биротоло чечтик. Анын үстүнө тергөөчү дагы арызды кайтарып алуубузду айтып жатат. Күнөлүүлөр тартипке тартылат деп ишенебиз»- деп жыйынтыктаган жабырлануучу.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: