Menu

Мирбек Суранчиев, Кара-Балта шаарынын тургуну: “Митингге катышкандан бери мага азап болду”

Бөлүшүү:

– Мирбек байке, 7-январь күнү борбордук аянттагы митингде сүйлөп, Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытай мигранттарын өлкөдөн чыгаруу талабын койдуңуз. Бул уюштурулган иш-чарабы?

– Мен ал күнү митингге Кара-Балтадан баргам. Бизде нефтини кайра иштеткен «Жунда» заводу бар. Башка жактарды айтпай эле коёюн, ушул заводдо кытайлар өз билгендерин кылышып, кыргыз жеринде кыргыз жарандарына каалагандай мамиле жасап келишкенин угуп келебиз. Кытайлар Жалал-Абадда, Кемин, Нарында, Баткендеги кендерде иштеп, айтор, бүт эле аймактарыбызды кытай басып кетти. Өлкөбүздүн коопсуздугун караган эч ким жок. Ал кытайлар бара-бара кыргыз кыздарын алып, алар аркылуу жарандыкты да оңой алып жатышат. Мына ушул мыйзамсыз жүргөн кытайлардын айынан жаман иштер да болуп жатат. Алардын Кыргызстандан чыгарылышын талап кылып, митингге бардым. Башка эч кандай кызыкчылыктардан кабарым жок. Мени эч ким баштап да барган жок. Кытайлар боюнча көптөн бери нааразылыгым бар. Атамбаевдин бийлигинин тушунда деле ушундай ойлорду айтып чыгууга ылайыктуу учур таппай келгем. Интернеттен, соцтармактардан «7-январда митинг болот» деген маалыматты окуп калып, өзүм бардым.

– Митингге кайсы аймактардан келип катышышты?

– Менимче, 300дөй киши катышты. Эл көп болду. Менин талабыма үндөш адамдар да чыкты. Чынында, митингдин уюштуруучулары кимдер экенин билбейм. Бирок, ошол акцияга катышканым мага азап болду.
– Эмнеге, коркутуп-үркүтүүлөр болдубу?

-Жайыл райондук милициясына чакырышып, суракка алышты. «УКМКдан келдик» деп Бишкектен келишти. «Артыңда ким турат, митингди кимдер уюштурду?» деп сурап жатышат. «Өзүм бардым, митингдин артында кимдер турарын билбейм» дедим. Коркутуу аракеттери болду. Мени анчалык кылышпаса да, жаш балдарды коркутуп, кайра кечирим суратып жатышыптыр. Мен дароо айттым, «сөзүмдүн калпы жок, айткандарыма жооп берем, аткылайсыңарбы, кескилейсиңерби, эл алдына чыгып, «туура эмес сүйлөдүм» деп кечирим сурабайм» дедим.

– Коомчулукта «митингчилердин артында Атамбаев турат экен» деген кеп-сөздөр чыкты. Мурдагы президент, же анын адамдары менен байланышыңыз барбы?

– Атамбаевди башкалар сыяктуу сыртынан эле билем. Тегерегиндегилердин бири менен катышым жок. Кара-Балтада жашайм, жер иштетип, дыйканчылык кылам. Саясатка эч качан аралашкан да, кызыккан да жан эмесмин. «Күйгөндөн айтам бир сабак» демекчи, жаран катары көйгөйдү көтөрүп чыктым.

– Митингден кийин «Дасмиядан» тамактанганыңар чынбы?

– Мен митинг бүтө электе Кара-Балтаны көздөй жөнөдүм. Анткени, бул жактан мага телефон чалып, улам чакырып жатышты. Келинчегимдин, уулумдун иштеген жерине барышып, мени сурашып, телефонумду алышыптыр. Мен аларга байланышканда, «үй-бүлөмдүн тынчын албагыла, мен өзүм барам силерге» дедим. Милицияга түз бардым.

– Митингде «17-январда кайра чогулалы» деп тарапсыңар. Ал митингдин максаты кандай?

– Аянттагы митингден чыгып, чогулгандардын баары КТРКнын имаратына барышыптыр. Директорун чакырышып, талаптарды түз эфир аркылуу берүүнү сурашыптыр. Мен анын баарына катышкан жокмун. Аянтта «17синде ушул жерден чогулабыз» деп сүйлөшкөнбүз. 17синде барам, ушул эле талаптарымды кайра айтам. Эгер саясый кызыкчылыктар болуп, «тигил кетсин, бул кетсин!» деген кептер чыкса, анда мен баш тартам.

Динар Турдугулов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: